Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Дүйшөбаев: «Саясатта, экономикада, дегеле баардык жагынан көйгөйлөр толтура»

Кеңешбек Дүйшөбаев: «Саясатта, экономикада, дегеле баардык жагынан көйгөйлөр толтура»

11-сентябрь, 12:47
3 205 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Үзөңгүлөшүңүз Азимбек Бекназаровду «Малайзиядагы элчилик кызматынан баш тартып, парламенттик шайлоого катышууну көздөп жатыптыр» деген кептердин канчалык чындыгы бар?

-- Азимбек Анаркуловичтин башка адамдар менен сүйлөшүп, шайлоо боюнча кадамдарды жасап жатканы боюнча маалыматым жок. Эгер ошондой ою бар болсо, анда күтө туруш керек. Шайлоо өзү чоң саясат, Азимбек Анаркулович да чоң саясатта жүргөн киши, шайлоого катышабы-жокпу, аны өзү билет да. Чоң саясатта жүргөн адамдардын алдын ала жасай турган кадамдарын аңдоо кыйын. Эгер бара турган болсо, бир айдын ичинде ачыкталат деп ойлойм. 

-- Парламенттик шайлоо алдында өлкөдө чыңалуу байкалып жаткандай. Сиз саясый абалды кандай баалап жатасыз?

-- Саясый абалдын курч экени жашыруун эмес. Азыр баардык жагынан көйгөйлөр толтура: экономикада, саясатта, чек арада, тышкы, ички саясатта, айтор, көйгөй көп. Учурдагы бийлик көп көйгөйлөрдү чече албаган, алсыз экени көрүнүп эле турат. Ошондуктан шайлоонун алдында жана шайлоо учурундагы саясый абал чыңалары күтүлө турган эле иш. 

-- Парламентте кандай партияларды көрүп жатасыз?

-- Эгер бийлик бул шайлоодо кайсы бир партияны сүрөп чыга турган болсо, кайрадан кетмендин башын басат. Буга чейинки президенттиктен кеткендердин негизги кемчилиги партияларды колдогонунда болгон. Президент өзү «бирөөнү колдобойм» деп колдоодон баш тартса дагы, анын тегерегиндеги, командасындагы адамдар бар. Алардын баардыгын токтотуп, бөгөт коё албайт. Себеби, алар дагы өздөрүнүн келечегин ойлош керек. Ал эми кайсы деңгээлде ачыкка чыгып, административдик ресурс кандай колдонулат, канчага чейин кетет, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, шайлоого киришүүнүн аягы жаман бүтөрүн биз көрбөдүкпү. 

-- 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди, алардын канчасынын шансы бар? Деги эле жетинчи чакырылыштагы депутаттардын сапаты кандай болушу ыктымал? 

-- Азыр биздин жашообуз ушундай болуп калды, бийлик ээрден кыйшайса эле мурда колдоп жүргөндөрдүн баары душман болуп чыга келишет. Ошондуктан азыр ким оппозиция, ким позиция экенин айтуу кыйын. Бул партиялардын арасындагы оппозицияык маанайдагылары саясый абалга жараша аныкталат го. Менин пикиримде, 5-6 партия келет. Депутаттардын сапаты жакшырып, билимдүү, ишбилгилер келерине анчалык ишенбейм. Анткени «жаңы система, шайлоо ачык-айкын болот» делгени менен шайлоонун принциби өзгөргөн жок. Мындан улам, абдан сапаттуу депутаттар чогуларына көзүм жетпейт. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер