Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Уран кооптуу эмес, коркпой эле иштете берсек болот”

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Уран кооптуу эмес, коркпой эле иштете берсек болот”

12-март, 20:12
594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарынбек агай, адистер “Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетиш керек” дешсе, айрымдар анын кесепети оор болорун айтышууда. Урандын кандай кооптуулугу бар?

-- Уран – атом бомбасынын, ракеталардын күйүүчү майы. 1 гр уран 22 кг көмүргө тете болгон кубаттуу металл. Бүгүнкү күндө тазаланбаган урандын 1 кг баасы 103 долларга чыкты. Казакстанда жер алдындагы катылган миңдеген ракеталары бар, бирок алар азыр эч нерсеге жарабай калды. Айтайын дегеним, 100 ракетанын кызматын бир эле ракета аткарып коё турган күчтүү ракеталар жасалып калды. Уран кени маанилүү болгон үчүн орустар “урандын ээси ким болсо, ошол дүйнө жүзүн башкарат” дешет. Мисалы, Монголиядагы уран кендерин кытайлар сатып алган, бирок казыша элек. 

Биз уранды коркпой эле иштете берсек болот. Кооптуу деле эмес. Радиоактивдүүлүк кээ бир кендерде секундга жетпей радиациясын чыгарып, кооптуулук заматта жок болуп кетет. Казылат деген Кызыл-Омпол кени 4 жарым миллиард жылдан кийин активдүү болот. Азыр эч кандай зыян алып келбейт. Ошон үчүн аны иштетүүнү колго алып, Кара-Балтадагы уран тазалаган чоң комбинатты ишке киргизүүбүз зарыл. Уранды тазалатсак, мамлекетибизге миллиондогон доллар киреше келет.

Мындан бир канча жыл мурун Кызым-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлгөндө бейөкмөтчүлөр каршы чыгышып, элди бийликке тукурушкан. “Уранды казса сууга түшөт, андан чыккан радиация Бишкекке түз келип, эл кырылып калат” дешкен. Чынында Кыргызстанда казылган уранды Россия алса, күчтөнүп кетүү саясаты айтылып, ошон үчүн казылбай калган. Америка бейөкмөтчүлөрдүн оозу менен коңгуроо кактырып, элди дүрбөткөн. Активисттер аларга кошулуп, жыйынтыгында уран казылбай калган.

Эсиңердеби, уран казылат деп жатканда президент Сооронбай Шарипович Москвага барган. Аны ушунчалык жылуу кабыл алып, көп келишимдерге кол коюлган. Кыргызстанга 5 миллиард доллар инвестиция келмей болгон. Ага завод, фабрика курулуп, канчалаган адам жумуш орун менен камсыз болору кабарланып, бирок уран казылбай калган. Ошентип, каршы чыккандар мына ушундай ири долборду ишке ашыртпай коюшкан.

-- Азыр деле казылган уранды Россия алууга кызыкдар болуп жатабы?

-Ооба. Уранды Кыргызстандан тазалап туруп, Россияга сатсак, пайдасы 100 пайыз мамлекетке түшөт. Экономикабыз жогорулайт. Россия болсо бизден алынган уран менен куралдуу күчтөрүн жаңылап, аскердик потенциалын көтөрөт. Ошон үчүн алар Сооронбай Жээнбековдун маалында 5 миллиарддык келишимге кол коюшкан. Анын баарын байкаган батыш өлкөлөрү бейөкмөтчүлөрү аркылуу коңгуроо кактырып, элди бийликке каршы тукурушкан. Анан Сооронбай Жээнбеков аргасыздан “эч качан уранды иштетпейбиз” деген мыйзам чыгарган. 

Бейөкмөтчүлөр кыйкырышат, аны билип-билбей сүйлөгөндөр ээрчий беришет да. Андыктан, заарканбай эле уранды каза бериш керек. Балким, аларды каржылагандар Кыргызстандын өнүгүшүн каалабайттыр. Ошон үчүн ушундай сөздөрдү айтып жатышкандыр. Чычкандын уясын басып алган төөдөй жата бербей кенди иштетип, мамлекетти өнүктүрүшүбүз керек. Болгону хвостохранилищени жакшы жасашыбыз керек, 100 жылдан кийин да зыян болбой тургандай кылып. Анан каза берели. Ызылдап отура берсек өнүкпөйбүз. 

-Урандын радиациясы жогору болсо, акчага кызыгып, жерди, сууну, элди уулап албайбызбы?

-Менимче, андан чочулоонун деле кажети жок. Союз убагында Долондун ары жагынан уранды ачык жол менен казып, кол араба менен эле ташып кетишчү. Жумгалдын Как-Бак деген жеринен дагы уран казып, араба менен эле ташып кетишкен. Эч кандай радиация болгон эмес. Эч ким деле кесепетин тартпады

Азыр техника өнүккөн заман да. Ошон үчүн анчалык деле кооптонуштун кажети жок. Уран казылып, миңдеген киши жумуш менен камсыз болсо жаманбы? Уранды жөн эле каза бербейт. Алгач адистерди окутат. Анан иштер башталат. Ал жерде башка дагы сейрек кездешүүчү металлдар бар экени айтылууда. Кудай буюруп, алар табылса, алтындан да бир канча эсе баалуу болуп, кымбат сатылат. Кыскасы, Кыргызстан уран кенин казып сатса, анын баары мамлекет үчүн иштетилсе эл утат. 

-Кара-Балтадагы уранды иштеткен комбинат орустардын колуна өтүп кеткенби?

-Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатын өзүбүз иштете албай калганда Борис Ельциндин досу сатып алып, башкы директорлук кызматка Апас Жумагуловду дайындайт. Кийин орустун дагы бир байы сатып алган. Ал башкаларга сатат. Менин угушума караганда, азыр уран менен иштегенди билгендер сатып алышса керек. Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты иштеп турганда миңдеген адамдар жумуш менен камсыздалып, ал комбинаттан түшкөн салык Кара-Балтаны толук бакчу. Аталган комбинат ишке кирсе, элдин турмушу бир топ жеңилдейт.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер