Чынара Мамажакыпова, ишкер: “Инвесторлор биздеги окуялардан чочулашып, туруктуулукту күтүп атышкандай...”
-- Чынара айым, өлкөбүздөгү тоо туризми боюнча кандай ойдосуз? Көңүлгө толо турган аракеттерди көрүп атасызбы?
-- Тоо туризми буюрса Кыргызстандын бренди болот. Себеби, туристтердин көбү Кыргызстандын тоолоруна кызыгышат. Биздин тоолордун бийиктиги, табигаттын кооздугу, шаркыратмаларыбыз, көз жоосун алган капчыгайлар кимди болбосун өзүнө тартат. Раматылык Табылды Эгембердиев агабыз да, эчак эле "туристтер кыргыздын тоолоруна кызыгып келишет" деп айткан экен. Президент Садыр Жапаров ак илбирсти улуттук символ катары тааныганы да туризмге жол ачты.
Кудай буюрса, республика боюнча инфраструктураны оңдоп, калыбына келтире баштады. Жер-жерлердеги аэропорттор салынып, лыжа базалар калыбына келип, санаторий, пансионаттар оңдолуп атканы да туризмди өнүктүрүүгө жасалган аракеттер да. Буюрса, бул курулуштардын жемишин мамлекет да, эл дагы көрөт. Бюджетибиз көбөйүп, башка курулуштарга акча чогулат. Туризмди өнүктүрүүгө жасалып жаткан иштер алкыш айтканга татыктуу сөз болот.
-- Сиздин оюңузча туризмди өнүктүрүүгө аракеттер жасалып жатыптыр. Ал эми инвестиция тартуу, экономиканы көтөрүү иштери көңүлгө толобу?
-- Президент Садыр Жапаров жетектеген бийлик так ушул сиз айткан инвестиция тартуунун үстүндө алектенип, башкы маселе катары батыл киришти. Мамлекет башчы кайсы өлкөгө иш сапар менен барбасын, акча, киреше тартууга аябай аракет кылууда. Инвестиция экономиканын эң чоң түркүгү болгону менен аны алып келүү оңойго турбайт. Мен жеке ишкер катары бул багытта көп аракет кылгам. Инвесторлор менен жолугуп жүрөм, бирок көбү буга чейин Кыргызстанда болуп өткөн саясый окуяларга байланыштуу азыр да чочулашып, биздин өлкөгө келгенге шашылбай, “стабилдүүлүк болсунчу” дегендей кылышат. Себеби "акча тынчтыкты жакшы көрөт". Ошондуктан Кыргызстанга инвестиция алып келебиз десек, саясый туруктуулук, адилеттүү бийлик болушу керек. Инвесторлор үчүн эң маанилүү маселе ушул. Ажобуз бул жагын жакшы түшүнүп, коррупцияга шектелгендерден баштап, бийликте турганда инвесторлордон акча сураган чиновниктерге чейин катуу жазасын берип, эскертип келет, өзү дагы ЖМКга берген маектеринде ачык айтууда.
Жакында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев да криминалдар инвестициялык атмосферага аябай терс таасирин тийгизгенин айтты. Анткени, буга чейин Кыргызстанда “каралардын” мыйзамы үстөмдүк кылып келди. Баардык бизнесмендер “каралардын” алдында иштеп, салыктар мамлекетке эмес, “каралар” дүйнөсүнө түшүп, аларды байытып турган. Камчыбек Ташиевдин кримчөйрөгө жарыялаган күрөшүнө “жакшы” деген баа берип койсок да болот. Ушул күрөш аягына чыкса, мамлекет үчүн, элге дагы пайдасы чоң, тарыхий иш болоруна бөркүмдөй ишенем.
-- Кыргызстанда жакырчылыктын күч алышына эмнелер себеп болууда?
-- Эгемендикке ээ болгону Кыргызстанда коррупция күчөп, кримчөйрө кеңири кулачын жайган. Мыйзам баарына бирдей иштебегендиктен, өлкөбүз сазга батып, элибизди жакырчылык каптап кеткен. Канча бийлик алмашса да, коррупция, криминал менен мынчалык күрөшүүгө батынышкан эмес. Балким күрөшкүлөрү деле келбеген чыгар. Бирок азыркы бийлик катуу аракет кылып, коррупцияга, криминалга каршы күрөшүүнү колго алды. Мына ушул нерсе элдин бийликке болгон ишенимин жогорулатты. Муну сырттан көз салып турган инвесторлор да байкашууда. Сырттагы бизнесмендер менен сүйлөшүп калган учурда Кыргызстандагы инвестициялык климатты, инвестициялык мыйзамдарды сурай башташты. Инвесторлордун кызыгуусун жаратуунун өзү жакшы жылыш да...