Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурболот Азамат: Биз кайрадан дүйнө коомчулугунун назарындабыз

Нурболот Азамат: Биз кайрадан дүйнө коомчулугунун назарындабыз

18-январь, 20:54
1 389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түшүнөм, эйфория менен “балп” этип салуудабыз. Ошентсе да, “жеңдик” дегендер, кимдерди майтардыңар? Келгиле, башкача ой жүгүртүп көрөбүз. Мисалы, мындай...

“Президенттик болсун!” деп чырылдагандардын да, “парламенттик болсун!” деп чырылдагандардын да, “баланча башкарсын!” дегендердин да, “түкүнчө татыктуу!” дегендердин да ойлору ар кандай болгону менен, максаты, тилеги бир – Кыргызстандын өнүгүүсү. Өлкө жок болуп кетсин деген максат менен өз талапкерине жан тарткан кишини көрө элекмин. Өз чындыгын жеткирүүгө далалат кылган баардык тараптар жаркын келечекти каалап турушат. 

Бирибиз жеңилип, бирибиз жеңгидей, ал үчүн бири-бирибизди шылдыңдап, түрдүү аттарды коюп, басынткыдай биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Тек, баарыбыз өнүгүүнү каалаган, бирок өнүгүүгө алып барар жолду ар кандай көргөн тилектештербиз. Бир коомбуз. Кыргыз коомубуз. Андыктан, бүгүн бир тарап жеңилип, экинчи тарап жеңген жок. Бүгүн кыргыз коому өнүгүүгө карай алып барат деп эсептеген көп жолдун бирин тандап алды! 

Эми урматтуулар, сөздүн ачыгы мындай. Каалайбызбы-каалабайбызбы, жагабы-жакпайбы, түшүнгүбүз келбей миң чанабызбы, айтор, дүйнө менен эсептешип жашоого мажбурбуз. Биз жашаган доордун талабы ошондой. Ошентип, биз кайрадан дүйнө коомчулугунун назарындабыз. Дүйнөгө белгилүү Нью-Йорк Таймс басылмасы Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө макаласын “Популист, түрмөчү, соттолгон мурдагы ууру президент болуп шайланды” деп атады.

Кечээ мындай сөздөр катардагы бир талапкерге карата айтылып жаткан болсо, бүгүн ал эгемендүү мамлекеттин президентине карата айтылып жатканын түшүнөлү. 

Билген адамга биз укмуш бир кырда турабыз. “Эртеңден баштап өнүгө баштайбыз” деп айтууга да, “эртеңден баштап диктатура башталат” деп айтууга да али эрте. Баары жаңы бийликтин алгачкы кадамдарынан көз каранды. Мына ошол кадамдардын туура багытка шилтенишине баарыбыз: “жеңгендер”, “жеңилгендер”, “балкончулар”, “НПОшниктер”, “Батыштын агенттери”, “айылдыктар”, “динчилдер”, “теңирчилер”, “караңгылар”, “түркөйлөр”, “саткындар”, “эскичилдер”, “жаңылчылдар” жана башкалар биригип, өбөлгө түзөлү да, бири-бирибизге мына мындай күлкүлүү аттарды коюуну токтотолу...


Нурболот Азамат, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер