Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Сулайманов баарын сыйкырлап алганбы? 200 миллион сомдун таржымалы...

Нурлан Сулайманов баарын сыйкырлап алганбы? 200 миллион сомдун таржымалы...

12-декабрь, 09:00
697 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Убагында прокуратура тарабынан Нурлан Сулаймановго карата кылмыш иши козголуп, министр кезинде 200 миллион сомдон ашуун мамлекетке чыгаша келтиргени боюнча айыпталып, олуттуу маселе жаралганы эсиңердеби? Ооба, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда эле. Агезде Нурлан Сулайманов депутат болчу, мандатын таштап, чет өлкөгө качып кетүүгө үлгүргөн. Кийин артын тазаламыш этип, Кыргызстанга кайтып келген. Бирок “жеп-ичкенин” ордуна койгон жок да. Шылуун экен, баласы Элдарды депутат кылды, Ошко 2 миллион долларга мончо салып, бизнести өркүндөттү. Минералдык суу чыккан корукту ээлеп алышып, бул жагынан да пайда таап жатышат. Кыймылсыз мүлктөрү аркылуу да ири кирешелерге жетишкени каңкууланып келет. Айтор, Нурлан Сулайманов өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, министр болуп, байып, учурда үй-бүлөсү менен олигархиялык жашоо кечирип аткан чагы. “Кусмак” түгүл “түкүрө” турган ою жок. Себеби, баарын колго алып койгонун айтып, мактанып жүргөнү жашыруун эмес. Сыйкырлап салгандай... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер