Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Тилин, маданиятын унуткан эл жок болуп кетет”

Нуржигит Кадырбеков: “Тилин, маданиятын унуткан эл жок болуп кетет”

14-январь, 12:00
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, жаңы жыл алдында Россиядагы биздин мекендештерибиздин медкароодон өтүүгө байланышкан бир көйгөйүн көтөрдүңүз эле. Ал маселе чечилдиби?

-- Бул маселе Кудайга шүгүр, оңунан чечилди. Азыркы учурда мындан артык чечүүгө мүмкүн эмес. Өзүңүздөр билесиздер, Сахаровада көп функционалдуу миграциялык борбор бар. Биздин эмгек мигранттардын баардыгы ошол жакка барып, медициналык кароодон өтүшчү. Ага 5700 рубль төлөшчү. Эгер алардын арасынан бирөө жарым ооруга шектелсе, аны кошумча диагноздоого дагы 5300 рубль төлөнчү. Эгер оору тастыктала турган болсо, бир эле жерге – Ленин проспектисиндеги бейтапканага барып, 18000 рублга дарыланышчу. Азыр эми бир гана текшерүүдөн өткөндө акча төлөйт, эгер ооруга шектеле турган болсо, диагноз коюу, оору тастыкталган учурда дарылоо да бекер. Бул абдан жакшы чечим. Жакшы иштерди да айтып коюш керек, биздин Россиядагы элчилик, өкмөт иштеди. Россиядагы биздин коллегаларга кайрылган элек, парламенттик дипломатия болду. Айтор, “көп түкүрсө көл болот” дегендей, бул маселе чечилди. Аны мындан ары дагы жакшыртыш керек.

-- Андан башка да көп көйгөйлөр бар эмеспи, мисалы, мекендештерибиздин, алардын балдарынын улуттук тилибизди, маданиятыбызды унутуп калбоосуна шарт түзүү...

-- Чындыгында бул абдан ырааттуу концепцияны, программаны кабыл алып, каражат коротуп иштей турган маселе. Демөөрчүлөрдү табабызбы, же Россияга өзүбүздүн мугалимдерди жиберебизби... Балким, “жекшембилик мектеп” деген сыяктуу атайын мектептерди, же онлайн сабактарды уюштуруу зарылдыр. Окуу-усулдук каражаттар керек. Өзүнүн улуттук маданиятын колдоо боюнча мындай иштерди Түркия да, Россия деле жүргүзүп атат. Мунун баары чоң каражатты талап кылат, бирок ал келечекте өзүн актай турган өтө маанилүү долбоор. Себеби, тилин, маданиятын унуткан эл жок болуп кетет. Биз аз сандуу элбиз, ошон үчүн өтө принципиалдуу. Бизден чет өлкөлөргө көптөгөн жаштар мигрант болуп кетишти. Алардын балдары ошол жердин маданияты менен жуурулушуп, өзүнүн тилин, маданиятын унутуп калса – бул элди жоготуу менен барабар болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер