Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Үйдү жыйнап жатып алтын таап алдым...
Үйдү жыйнап жатып алтын таап алдым...
02-август, 12:58

Үч күнгө Көлгө, төркүнүмө кеткем. Келип, эч нерсени деле шекшиген эмесмин. Күйөөм тамагын жасап ичип алчу. Бирок, ал бирөөнү алып келип көңүл ачканын кокустан билдим. Үйдү жыйнап атып, алтын чынжырча таап алдым. Меники эмес. Аны көргөндөн кийин жиним келип, күйөөмө чоң чатак салгым келди. Бирок кайра өзүмдү колго алып, “бир аз күтөйүн, тигиниси издейт” дедим. Күйөөм мага билгизбей үйдү “тытып” жатат. Жыйнабаган жакты жыйнап, чукулап-укулап жүрөт. Мен да сыр берген жокмун. Өзүнчө кыжалат. Эми жаңы чынжырча алдырып алсын. Мен да унчукпай жүрөм. Баасын билсем, 30 миң сом экен...
Айгүл
"Азия Ньюс" гезити