Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды

Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды

21-февраль, 17:54
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Той-аш өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейин, үйлөнүү тойлоруна 200дөн 300гө чейинки адам катышуусу керек. Үйлөнүү тойлорунда үчтөн ашык эмес жеңил машине колдонулат.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз жана бодо мал союлбайт. Маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорунда бул талаптардын бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат. Мыйзамдын демилгечиси катары депутат Улугбек Ормонов көрсөтүлгөн. Документтин негиздемесинде ал ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланышуу экени жазылат.

28-февралда "Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер