Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Кызылкулактардын сазайын аёосуз бериш керек”

Балбак Түлөбаев: “Кызылкулактардын сазайын аёосуз бериш керек”

17-март, 12:44
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, баарыбыз эле билип турабыз да, баалардын бүгүнкүдөй кескин көтөрүлүп кеткени объективдүү себептерден эмес, көбүрөөк кызылкулактыктын натыйжасынан улам болууда. Аларга кантип бөгөт койсо болот?

-- Мен Бишкек шаарынын мэри болуп тургандагы өз тажрыйбамдан улам билем да. Булар момундай ызы-чуунун убагында пайдаланышат. Илгери финпол бар болчу, азыр жок да. Ошондуктан, жаныңа УКМКнын, ИИМдин кызматкерлерин кошо алыш керек. Барып туруп, текшерип, товарларды кампага жашырып койгон болсо, кызылкулактарды ордунда камаш керек. Себеби, ал товарлар жаңы алынып келинген жок да. Доллар өсө электе эле мурунку баасы менен келген. Кампаларда жыйылып турат. Кызылкулактар муну атайын чыгарбай кармашат. Ошон үчүн сазайын бериш керек! Буларда уят-сыйыт деген нерсе болбойт!

-- Мурдагы же жаңы товар экенин кантип билебиз?

-- Счет-фактурасын текшере койсо эле билинет. Көрсөтсүн, товар качан киргенин. Доллар өсө электе кирген мунун баары. Бул чыныгы кызылкулактар. Ошон үчүн булардын жазасын аёосуз бериш керек.

-- Чындыгында эле кеминде жарым жылдык запас бар экенин эске алганда, баалар мынчалык кескин өспөшү керек болчу...

-- Баалар качан өсүшү мүмкүн? Эгер өкмөт чара көрбөсө, дагы эки-үч айдан кийин. Күзгө барып, запас түгөнгөндө, Украинадан, Россиядын келчү буудай менен майдын ордун башка өлкөлөрдөн таап алып келбесе, ошондо баалар өсүшү мүмкүн. Азыр андай шарт эмес. Казакстан турбайбы. Ал жакта эч кандай чыр-чатак жок да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер