Рыскелди Момбеков: «Коопсуз шаар» эмес, «Жоопсуз шаар» болуп калды


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн парламенттик жалпы жыйында «Коопсуз шаар» долбоору адамдын жеке маалыматын коомчулукка чыгарып жатканын сынга алды.
Рыскелди Момбеков: «Буга чейин президент «Коопсуз шаар» долбоорунда жеке маалыматтар сакталышы керектигин айткан. А бизде жакында эмне болду? Мамкаттоо кызматынын төрагасы Мамбетов менен орун басары Туйбаевага байланыштуу жалган маалыматты чыгарып ийишти. Кимдин каякка баратканын, кандай машинеде, ким менен баратканын, колун каякка салып алганын эмнеге чыгарышат? Мен Мамбетовдун ордунда болсом «Веганы» 100 млн. сомго сотко бермекмин. Жарандардын жеке маалыматтарын чыгарбашы керек да! Бул «Коопсуз шаар» эмес «Жоопсуз шаар» болуп атпайбы!»
«Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыздар азыр үч буттуу камерадан коркуп калышты. Элди жол белгилери кыжырдантып атат, мурда иш бөлмөмө келишкен таксисттер азыр үйүмө чейин барышыптыр. Өкмөт мыйзамда, токтомдо каралбаган жол белгилерин чыгарып, «Вега» концернине гана кызмат кылууда, элдин жонунан кайыш тилип атат»,- деди.
Интернетте бир эле номурду беш автоунаа тагып жүргөн сүрөттөр тараган. 1 578 ASD номуру расмий сайтта катталган эмес, демек, жалган. Сүрөттөн рулдагы адамды көпчүлүк Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовду таанышты. Айрым булактар унаадагы аял Мамбетовдун орун басары деген маалыматты таратты.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов 6-декабрда Ички иштер министрлигине жасалма номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган.