Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлбара Оморова: “Чачы узун, ак көйнөкчөн кыз тоолордо чоор ойноп учуп жүрөт”

Гүлбара Оморова: “Чачы узун, ак көйнөкчөн кыз тоолордо чоор ойноп учуп жүрөт”

05-август, 13:07
1 362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ары кырдуу, ары сырдуу Гүлбара Оморова карындашым бар. КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында магистр окуу программасын аяктаган. Кесиби социолог болгону менен көптөгөн тармакка кызыгуусу арбын. Тоого көп чыгат, бир топ чокуларды багындырган. Кыргызстандын сулуу жаратылышына суктанганын жана аларды коргоо жагы аны кайдыгер калтырбаганын айтып келет. Келечектен көптү үмүттөндүргөн карындашым менен ар кыл темада маектештик.

-- Гүлбара, КР президентине караштуу башкаруу академиясында окуп аттың эле, окууңду бүттүңбү?

-- Ооба, магистр окуу программасын аяктагам. Андан сырткары, изилдөөлөргө байланыштуу бир нече окуу курстарын да бүтүргөм. Азыркы баштаган изилдөөм келечекте кандидаттык илимий иш болот деп пландайм. Анткени Потсдам Хельмгольц борборунун мониторинг аркылуу экологиялык, палеоклимат жана ландшафттарды изилдөө долбоорунуна катышуу мен үчүн чоң түрткү болду. 

-- А темаң?

-- Кыргызстандагы көлдөрдү инвентаризациялоо – батиметрия, суудагы чөкмөлөр, палеоклиматты изилдөө үчүн бир нече көлдөрдүн (мезгилдүү катмарлуу чөкмөлөр камтылган) негизги лимнологиясы, картография жана геологиялык пайда болуу тарыхын изилдөө.

-- Бул жагың катуу экен. Тоо-таш, андагы көлмөлөр деп жүрөт экенсиң да, сулуулук жөнүндө кеп кылалычы... Сынак... Фотомодель...

-- Фотомодель же сулуулар сынагына катышып көрөйүн деген оюм эч убакта болгон эмес. Бирок, дизайнерлердин этно үлгүдөгү кийимдерин жарыялоо үчүн сүрөткө түшкөн учурлар болгон. Мен үчүн сулуулук – бул адамдар тарабынан тулку бой менен келбетти бир үлгүгө тууралап, “ушундай болушу керек” дегенин эч убакта туура көргөн эмесмин. Мендеги сулуулук түшүнүгү – бул адамдын ички дүйнөсү, жүрөгүндөгү боорукерлик жана терең дили, тунук акылы деп эсептейм.

-- Жигиттердин кайсы сапатын жактырып, баалайсың?

-- Жигиттердин бийик интеллекти жана ак көңүлдүгү менен марттык сапаты көнүлүмдү бурат. 

-- Сени жактырып, жүрөгүңдү багындырган жигит барбы?

-- Жүрөгүмдү багындырган жигит жок. Анткени, ички дүйнөм, терең ой жүгүртүүм жана сезимталдыгым элден башкача экенин түшүнөм. Койгон талабым да биринчи арзуу, махабат сезимдери, чыныгы сүйүү, аруулук жана сыйлоо болушу керек. Азыркы жигиттердин мамилеси жана баалуулуктары менен жалгыз эле болгон жакшы. Дайыма өзүмдү толук кандуу бактылуу сезип, жашоонун жыргалына батам. Турмуш курсам эле ушундай сонун эркиндик бүтүп калчудай сезилип, көңүлүм келбейт. Буга чейин колумду сураган адам жана негизи эле мамиле күтүүнү каалагандар чет өлкөлүк мырзалар болду. Ар бир адамда кемчилик болот эмеспи. Айтканымды бербеген, бир пикирди карманган өжөр мүнөзүм бар. Бирок, алдыда 2-3 жылды окууга, анан башка өлкөлөргө саякатка арнаарыма толук көзүм жетет. Мени инсан катары сыйлаган, колдогон, кызыгууларымды тең бөлүшүп, жок дегенде тоскоол болбогон адам менен болгонго не жетсин!

-- Музыка дүйнөсүчү?

-- Музыка жагына эч кандай шыгым жок, кичине кезимде мени ийримдерге берүүгө апамдын мүмкүнчүлүгү болгон эмес, мүмкүн өзүм деле билбей калган чыгаармын. Бирок жаратылышта дайыма чоор ойногум келет. Кээ бир учурларда түшүмдө чачы узун, ак көйнөкчөн кыз тоолордо чоор ойноп учуп жүрөт, бирок бетин көрө албайм... 

-- Тоолорго көп чыгасың, кайсы тоолордо болгонсуң? 

-- Тескей Ала-Тоо кыркасындагы чокуларды жактырам, ал жерде Пржевальский чокусу, Аю-Төр, Гастелло, Палатка чокуларына баргам. Келечекте Каракол чокусуна чыксам дейм. Анан Кыргыз Ала-Тоо кыркасындагы бир топ чокуларга баргам, алардын улам-улам ар кайсы маршрут менен чыккан Рацека, Бокс, Изыскатель, Скрябина, Байчечекей, О.Кошевой, Маречека, Учитель, Электро, Адыгене жана башка чокулар жана Тянь-Шань тоо системасындагы В.Путин   чокусу жана Алматынын тоолорундагы чокуларга да баргам, ал жактан эсте калган Амангелди, Н.Назарбаев, Советов, Турист, БАП жана Молодежный чокулары.  Келечекте көптөгөн адамдар сейрек барган маршруттарга барууну ойлойм. 

-- Кандай мазмундагы китептерди окуйсуң?

-- Көп учурда саякат тууралуу чыныгы окуулардын негизинде китептерди окуйм, кызыктуу окуяларды камтыган документалдуу кинолорду, тоолор жөнүндө кинолорду көрөм. Башка саякатчылардын жеке тажрыйбасы, сезимдери жана кандай кыйынчылыктар аркылуу басып өткөн маршруттары кызыктырат. Келечекте дүйнө жүзүнө белгилүү болгон жерлерге барууну каалайм. Геология, жержана айлана-чөйрө тууралуу адабияттарды көп окушум керек. Бирок, сүйүү романдары да четте калган эмес. Кээ бир учурда жеке өнүгүү боюнча акыркы чыккан чыгармаларды курбуларым алып келип калат. 

-- Эмнеге чокуларга көп барасың, издегениң барбы?

-- Тоолорду жакшы көрөм, качандыр бир кездерде жашагандай, тоо койну тааныш, жылуу учурайт, көптөгөн жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Негизи эле бийиктиктерге чыгып, булуттарга жакын, асман тиреген тоолор, ак мөңгүлөр жана керемет кооз көрүнүштөргө суктанып, айланага көз чаптыргандан ырахат алам. Ушундай учурларда чындап ушул дүйнөдө азыр жашап жатканымды жана ааламдын кандай чоң, сырдуу, күчтүү экенин сезем, маанайым көтөрүлүп, толук  эркиндикти сезем. Тоолор – чыдамкайлыкка, өжөрлүккө, койгон максаттарга жетүүгө жана убакытты туура колдонууга тарбиялайт. Өзүнүн баалуулугун түшүнүүгө, сыйлоого, жаңы мүмкүнчүлүктөргө дем берет. Биз ушундай тоолуу өлкөдө жайгашкандыктан, кенен мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек деп ойлойм. 

-- Саясат темасы кызыктырабы?

-- Саясатка кызыкпайм, бирок өлкөдөгү саясаттын абалы, көзөмөлдөн чыгып кеткен эбегейсиз коррупция жана адилетсиз сот системасы, адам укуктарынын жагдайы өтө өкүнүчтүү экенин көрүп, зээним кейийт. Эч кандай патриоттук сезими жок, Кыргызстандын өнүгүшүнө кичине да салым кошо албаган пайдасыз бийлик башындагылар баш болуп, Жогорку Кеңешке да сабатсыздар жыйналган (арасында 2-3 айым бар салыштырмалуу билимдүүрөөк), калганы акчанын күчү менен келип калып, дэңгээлдери абдан төмөн болгондуктан, саясат алып баруусу да чабал. Мыйзамдар иштебейт, экономикада жылыш жок, жумуш орундары түзүлбөй эле жумушсуздук күч алды. Азыр чет өлкөгө миграцияга кетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн издеген эле жаштар. Көрүп жатабыз го, жадагалса шар окуй алышпайт эжелеп, азыркы замандын талабына жараша бир нече чет тилде шар окуп, сүйлөй турган дипломат кадрларыбыз каякта? Эгерде мен бул жаатка аралаша турган болсом, бир гана айлана-чөйрөнү бузууга, кен байлык, жаратылышты талкалоого жол бербөө үчүн күрөшүп, жаратылыш ресурстарын коргоо жөнүндөгү талаптарды күчөтүү жана аңчылыкты чектөө мыйзамдарын кабыл алуу жагы жана анын иштеши менен алектенмекмин. 

-- Учурда изилдөө иштериң токтоп турса керек?..

-- Буга чейин ар кандай долбоорлордо изилдөөчү болуп иштеп келем. Ковид-19 пандемиясына чейин тоолуу аймактарды изилдөөчү институтта иштегем, абалга байланыштуу азыркы учурда изилдөөлөр токтоп турат. Мындан тышкары, көптөгөн кызыгууларым бар. Алардын негизгилери – тоо туризми менен алектенем, өлкөбүздө жайгашкан көлдөрдү изилдөө, велосипед тебүү, кыш мезгилинде болсо лыжа жана сноуборд тебүү. Буга чейин бош болгон убакта гид кызматын көрсөтүп, турларды уюштурчумун. Үч жылдан бери жаратылышты коргоого салым кошуу үчүн жайкы туризм мезгилинде илимий экспедицияларга катышып жана аларды уюштурганга жардам берип, керектүү илимий маалыматтарды чогултуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча окуу программасына жеке долбоор тапшырып жаткам. Бардык пландаган иштерди азыркы абал убактылуу токтотуп койду.


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер