Мадияр Кулуевдин оң колу Талгат Өскөналиев ичкилик ичип кармалганда...
Ленин РИИБ начальниги Мадияр Кулуевдин орун басары Талгат Өскөналиев аз күн мурун “Тюбетейка” кафесинен чер жазып, алагүү болуп чыгат. Ошол арада аңдып турушкан ИИМдин ички иликтөө кызматынын жасоолдору кармаганга аракет кылышыптыр. Ортодон тирешүүлөр жаралып, бири-бири менен мушташа кетишет. Натыйжада, Талгат Өскөналиев ооруканага жатып калат. Чуулгандуу иш бара-бара бас-бас болуп, тынчый баштаганы кандай? Эске салсак, убагында ГУУРдун Керкибаев баштаган оперлери пандемияда вирустан сактануу үчүн жүз грамм ичип коюшса, ички иликтөө кызматы бүтүндөй өлкөгө чуу жаратпады беле? Үйүр тобу менен кыйла кыянаттык жасашкан. Ал эми Мадияр Кулуевдин оң колу Талгат Өскөналиев текшерүүчүнүн тумшугун жара койсо да кылы кыйшайбай, өзүнчө корунуу иретинде ооруканага жатып алганы эмнеси?
Aryba.kg