Акыркы кабарлар
» Коом » Боору ооруган адамдын алы кетип, уйкусу бузулуп, денеси шишип баштайт
Боору ооруган адамдын алы кетип, уйкусу бузулуп, денеси шишип баштайт
17-октябрь, 15:43
667 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Боордун оорусу акыркы стадиясына жеткенге чейин адам билбей жүрө бериши мүмкүн. Бул тууралуу “Sputnik-Кыргызстан” радиосуна гастроэнтеролог Наталья Марченко айтып берген.
Боордун клеткалары ар кандай себептер менен бузулуп кетиши мүмкүн. Мисалы, ага вирустук инфекциялар, ичимдик ичүү, организмди ууландыра турган дарыларды көп колдонуу терс таасирин тийгизет. Дарыгер боор оорулары алгачкы баскычтарда симптомдору жок өтө турганын белгиледи.
"Бөтөнчө боор циррозун бейтаптар кеч билишет. Бул илдетте боордун клеткалары бузулуп, орган өз функциясын аткара албай калат" деди Марченко.
Бейтап циррозду оң капталы ооруп, алы кетип, уйкусу бузулуп, бүйлөсү канап, денеси шишип, териси кычышып баштаганда байкашы мүмкүн экенин кошумчалап, ооруну убагында аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүп турууга чакырды.