Ажырашууну көп ойлоном, бирок эки кызым менен бара турган жерим жок


Эки кызым бар, улуусу 5 жашта, кичүүсү 2 жаш 3 айлык. Акыркы тогуз жылымды толугу менен декретте өткөрдүм. Негизи Бишкекте өз алдымча иштеп, бутума тургум келет. Күйөөм Россияда, мен болсо бул жакта балдар менен жалгызмын. Жашоо күндөн-күнгө оорлоп баратат.
Акча маселеси өзүнчө эле жүрөктөгү жара. Күйөөм акча бергенде да милдет кылып, сөз кошуп берет. Берген акча көбүнчө тамак-аштан ашпайт. Өзүмө эч нерсе албайм, салонго баруу, сулуулануу деген мага жомок. Кээде жөн гана адам катары сый көргүм келет.
Иштейин десем, балдарды кимге калтырам? Кайын энеме карабайт, ар кандай себептер чыгып, тынчтык болбойт. Үйдө да жандүйнөм тынч эмес. Кайын сиңдим келип-кеткен сайын уруш чыгат. Ушундай шартта жашоо барган сайын кыйындап баратат.
Ажырашайын десем барар жерим жок. Эки кызым менен ким батырат? Апама барайын десем, ал жакта да өз турмушу, келини бар, ыңгайсызмын, бара албай жүрөм. Кээде өзүмдү бул дүйнөдө ашыкча адамдай сезип кетем. Үч жылдан бери төркүнүмдүн босогосун аттай элекмин.
Күйөөмө көңүл жок. Кетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Кыздарым үчүн чыдап келем. Алар атасынын мээримин толук көрбөй өсүп жаткандай сезилет. Күйөөмдөн жылуулук да, колдоо да көрбөй жаштыгым өтүп баратат. Акча берсе нааразы сөз коштолот. Кээде “мен кимге турмушка чыктым эле?” деп өзүмө суроо берем.
Жөн гана тынч жашоо, урмат-сый жана адамча мамиле каалайм. Кээде баарына кайыл болуп кетем...
Келечекте акча таап, кыздарымды багып, өзүмдү адам катары сезгим келет. Балким, ушул катты окуган адамдардын арасында жол көрсөтүп, кеңеш бере турган бирөө табылып калар…
Диана











