Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Быйыл картошканын аянтын азайтып, кызылча эгүү маселеси турат”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Быйыл картошканын аянтын азайтып, кызылча эгүү маселеси турат”

13-май, 18:55
408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманкан Батырбекович, Казакстан менен Россия кумшекерди сыртка экспорттоого тыюу салды. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, биз сырттан сатып алган кумшекердин негизги бөлүгү дал ошол Россиядан келет экен. Ушуга байланыштуу эми бизде кумшекердин тартыштыгы сезиле баштабайбы?

-Былтыр кант кызылчасы боюнча республикабыздын 8-9 айлык нормасын жапканбыз. Үч айлык норма импорттолуп, башка өлкөлөрдөн келди. Биз бүгүн Кыргызстандын жалпы керектөөсүн жабыш үчүн 15 миң гектар жерге кызылча эгишибиз керек. Былтыр 13,5 миң гектарга эгилген. Кээ бир жерлерде суу көйгөйүнө байланыштуу түшүм кичине аз болуп калды. Быйыл 15 миң гектарга себүү пландалган. Эгер ал ишке ашса, түшүм орточо 60 центнерден алынса, биз кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз жүз пайыз жабабыз (!) деген оюбуз бар. 

Ал эми импорт маселесине келсек, жетпесе импорт келет да. Ошон үчүн быйыл айыл чарба министрлиги менен сүйлөшүп, 500 гектарды эксперимент катары Ысык-Көлгө эгүү планы бар. Таласта дагы көбөйтүп, мурда 600 гектардын тегерегинде болсо, быйыл 1000 гектарга чейин чыгарууну айтып атышат. Жол киренин бир жагын завод төлөп беребиз деп мойнуна алууда. Мен билгенден, Ысык-Көлдө Акуу, Түпкө кызылча жакшы өсөт. Бир гана техника жагынан маселе бар. Казганга, иштеткенге техника керек. Ушул жагын айыл чарба министрлиги чечип берсе эле жакшы ийгиликтерди күтсөк болот. 

-- Ысык–Көлгө буга чейин эгилди беле?

-Союз убагында эгилген. Ал учурда пароход менен ташып келинчү. Былтыр өзүңөр билесиңер, картошка көбүрөөк (123 пайыз) эгилип, өтпөй калды. Ошон үчүн быйыл картошканын аянтын азайтып, кызылча эгүү маселеси турат. 

-Сиз айкан пландар ишке ашса, анда өзүбүздү өзүбүз гана камсыз кылбастан, экспортко да чыгарсак болот да?

-Анын баарын эсептеп көрөлү. Себеби, андан башка да жашылча-жемиш, тоют деген маселелер бар да. Экинчиден, севооборот дегенди да унутпайлы. Себеби, бир жерге улам эле кызылча айдай бергенде болбойт. Ошондуктан, мунун баарын жергиликтүү бийликтер менен кошо эсептеп чыгыш керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер