Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мамлекеттен уурдап, кайра элге төлөтүү – чоң чыккынчылык!”

“Мамлекеттен уурдап, кайра элге төлөтүү – чоң чыккынчылык!”

26-октябрь, 10:57
406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайдын карызын элдин эсебинен төлөөнү демилгелегендер чыкты. Бул боюнча эксперттердин пикирлерине кызыктык.

Эмил Үмөталиев, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү:

-- Өкүнүчтүүсү, бийликтин каталарына, кылмыштарына тийешелүү адамдардын ошондой сунушту атаганы кейиштүү. Мамлекетти тоноп, кайра элдин өзүнө төлөтүүнү – чоң чыккынчылык, уурулук катары эсептейм. Кандайча экономиканы оңдоп, кантип тышкы карыздардан кутулуу боюнча жакшы сунуштар деле бар. Билим деңгээли  жеткен, экономиканы түшүнгөн мыкты жаштар деле арбын. Ошондуктан азыр элдин ачуусуна тийбей, илимдин негизинде болгон сунуштарды колго алып, ошолорду ишке ашырыш керек. Дагы деле “бийликтен уурдайм” дегендердин отуна май тамызбайлы. Мындай пикирлерди талкуулап улантканыбыз – бул элибиздин сабатсыздыгынан кабар берет. Тайыз ойлорду, тайыз ушактарды улам тараткандай буга убакыт коротконубуз туура эмес көрүнүш. Биз андан көрө кадимкидей сунушталган реформаларды талкууласак болмок. 

Төлөнбек Абдыров, экономика боюнча эксперт:

-- Бул боюнча мен мындай пикирдемин: азыр ушундай мүмкүнчүлүк болуп турат, мамлекеттин казынасынан уурдагандарды төлөтүү керек. Тышкы карыздарды алып, аны натыйжалуу колдонбой, аны эмнеге пайдалангандары тууралуу бизде дагы деле маалымат жок. Ошонун баары ачыкка чыкпай туруп, “тышкы карызды элден чогултуу керек” деген демилгени колдой албайм. Ошол алынган акчалардын көбү натыйжасыз колдонулган. Максатына жетпей ортодо көбү уурдалып кеткен. Уурдагандар чөнтөгүнө салып кете беришсе, алардын ордуна эл төлөп бергенин туура эмес көрөм. Уурдагандарды кустуруу керек!

Эмил Жороев, саясат таануучу:

-- Менимче, эл төлөшү мүмкүн эмес. Карызды толук тургай, жакынкы күндөрү төлөнө турган азыраак бөлүгүн деле төлөө мүмкүн эмес. Башка кескин түрдөгү чара көрүлүшү кажет. Мамлекеттин тагдырына элдин кайдыгер карабоосун колдойм, жакшы нерсе, мекенчилдикке жатат, бирок, анын башка жолдорун табуу, башка багытта ишти алып кетүү андан дагы жакшыраак болмок. Жемкорлорду изилдеп, уурдалган акчаларды ордуна койдуруу – реалдуу, жакшы кадам болмок. 

Элдар Абакиров, мурунку экономика министринин орун басары:

-- “Эл төлөш керек, байлар төлөш керек” деген бул популисттик сөздөр. Анткени, бизде салык кодекси бар. Ал кодекстин негизинде ар бир иштеген адам, ар бир мекеме алты түрдүү салык төлөйт. Ошол салыктын баары таза төлөнсө гана ошол аркылуу бюджет толот. Ошондуктан биз салыкты баары бирдей төлөй тургандай, ошону ачык көзөмөл кылган система курсак эле бюджетте акча көбөйөт. Салыктын көлөмүн көбөйтсөк да бюджетте акча көбөйөт. Бирок мунун кереги барбы-жокпу, ал өзүнчө маселе. “Байларды, көпөстөрдү төлөтүш керек” деп жатышат. Анүчүн сот системасы, прокуратура, УКМКга таза, принципиалдуу адамдар келип, чындыгында туура эмес жолдор менен байыгандар болсо, ошолордун оокатын конфискация кылып, ошол аркылуу төлөтсө, анда башка иш. “Жөн эле барып күч менен басып алабыз” деген бул – популизм жана мыйзамга да туура келбейт. Кыргызстандын аброюна да шек келтирет. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер