Күйөөм мени көргүсү келбей, башкага жалбарып....


Күйөөм акыркы күндөрү мага көңүл бурбай калды. Күндө ичет, акчасын чачат, эртең менен үйдөн чыгып кетип, кайра кеч келип жатат жаныма. Бирок артын салып, үшкүрүнүп, мага көңүлү жок. Акыркы күндөрү мени көргүсү келбей, сөгүп-сагып, кагып-силкип калган. Кечээ майрамда теңтуштар менен чогуу отуруп келгенбиз. Үйгө келип, мен ашканада жүргөм, ал сыртта отурган. Бирөө менен эле сүйлөшүп жатканынан тыңшасам, бир келиндин үнүн угуп калдым. Ага менин күйөөм жалооруп жалынып жатат, “мага ишенбей калдың беле, алтыным, жаным?” дейт. Өзүмдү кармай албай эшикке чыга калсам, дароо телефонун өчүрүп, отуруп калды. Мен ызы-чуу салып жибердим. “Ким ал?” десем, “эч ким” деп телефонун карматпай койду. Өзүмдү аябай жеп, ыйдан күчүмдү чыгарып жатам. Ортодо үч балабыз бар, жашым 41 де. Бүтүндөй өмүрүмдү, жаштыгымды, жашоомду арнап койгон күйөөм ушундайга барды. Мени эми кандай жашоо күтөт?
Асел
"Азия Ньюс" гезити











