Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Айрым чиновниктердин одоно үгүт иштери вакцина алууга тескери мамиле жаратууда”

Калдарбек Абдраманов: “Айрым чиновниктердин одоно үгүт иштери вакцина алууга тескери мамиле жаратууда”

23-июль, 21:34
1 897 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда вакцина алуу боюнча катуу талкуулар жүрүп жатат. Көпчүлүк нааразы. Ковид болсо азая элек. Окурмандарга вакцина боюнча сиздин пикириңиз маанилүү. Ой бөлүшсөңүз?

-- Ооба, ошондой болуп жатат. Менин баамымда, андай талаш-тартыштын жаралуу себептери белгилүү. Биринчиден, өкмөт, телерадио, тийиштүү мекемелер талапка ылайык үгүт иштерин жүргүзө алышпады. Тескерисинче, кээ бир чиновниктердин соцтармактардагы одоно үгүт иштеринен эл ичинде эмдөөгө оң эмес, тескери мамиле жаратууда. Экинчиден, чукул келген пандемиянын чыгуу себептери, өзгөчөлүгү, вакциналардын чукул аралыкта даярдалышы жана вакцинациялоонун максаты, келечектеги таасири жөнүндөгү илим жана медицинадан алыс адамдардын, же кээ бир жоопкерчилиги жок медиктердин илимге, практикага таянбаган жеке көз караштары, божомолдору жана башка социалдык тармактардагы адамдардын, мисалы, “аксакалдардын”, “авторитеттердин” туура эмес ойлору, маалыматтары себепкер. Үчүнчүдөн, коронавируска каршы жалпы адамзаттын азыркы иштери алгылыктуу жыйынтык бербей жатканы себеп. Төртүнчүдөн, биздеги жалпы коомдук аң-сезимдин деңгээли. Элибиздин көпчүлүгү ушул маселеде караңгы. Бешинчиден, жалпы кыргыз практикалык медицинасынын алсыздыгы  жана илимий медицинасынын, алардын ичинде эпидемиология, вирусология тармактарынын жана адистеринин дээрлик жок экени, алар болсо да вакцина, вакцинация жөнүндө элге чыгып түшүндүрө алышпай, өз милдеттерин так аткарбай, башка иштер менен, мисалы, академик болсок деп илимдер академиясына шайлоого чуркап ак эткенден так этип алек болуп жатышканы жана башка дагы бир канча факторлор баары биригип, адамдардын вакцинацияга болгон түшүнүгүн, ишенимин арттырбай, кайра тескери эффект берип жатат.

-- Сиз вакцина алууга чакырасызбы? Таасири кандай? 

-- Вакцина алыш керек, өзгөчө медицина кызматкерлери. Себеби, биз өзүбүз эл менен тыгыз иштейбиз. Мен өзүм, биздин жамаат дээрлик баарыбыз, жүйөлүү себеби жоктор – баарыбыз вакцина алдык. Вакцинаны ар ким ар түрдүү кабыл алат. Көпчүлүк адамдар эч нерсе сезбейт. Кээ бир адамдар жалпы акыбалында бир аз өзгөчөлүктөр болгонун айтышууда. Дүйнө жүзү, Европа, Америка, Кытай, Россия жана Индия өлкөлөрүндө вакцинаны миллиондогон адамдар өз ыктыяры менен алып жатышат. Көп өлкөлөр өзүдөрүнүн вакциналарын чыгарышууда. Ошентсе да вакцина тартыш азыр. Анан анын өмүргө түздөн-түз коркунуч жаратканын мен окуп же уга элекмин.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер