Сүйүнбек Касмамбетов ооруп атса да Казакстанга ийгиликтүү сапар жасады


Өткөн жумада эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катуу сыркоолоп, ооруканага жатып калган. Шашылыш дарыланып эле Казакстанга иш сапар менен учуп кеткенине күбө болдук. Ал жактан кыргыздын салабаттуу чиновниги идеология жүргүзүүнүн атасы катары пресс-конференция берип, журналисттер менен да маектешти. Касым-Жомарт Токаевге жолукту. Милдетин татыктуу түрдө аркалады. Элибиздин сөзгө чечен, билимдүү инсанына казактар да суктанышып, “алтымышка чыкканча мындай кашкөй кайда катылып жаткан?” таризинде таңгалышыптыр. Сөздүн кунун, улуттун баалуулуктарын, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыңкы планга койгон Сүйүнбек Касмамбетовдун таскагына баракелде! Ооруп атса да элдин кызыкчылыгы үчүн жан сабап, жалпыбыздын аброюбузду көтөрүү демилгеси менен алышып келет. Арышыңыз арта берсин, урматтуу мамлекеттик катчы!
"Азия Ньюс" гезити











