Коронавирус королдун үй-бүлөсүн дагы азапка салууда

Сауд Арабияда алгач коронавирус жугузган учурлар катталгандан алты апта өткөндө, бул оору королдун үй-бүлөсүнө жеткени белгилүү болду.
“New York Times” гезитиндеги кабарда королдун үй-бүлөсүнөн 150 адамга жукканын аларга жакын адамдын маалыматына таянып жазылган. Аларды дарылоо үчүн оорукананын дарыгерлери 500 орун даярдады.
Корол Файсал ооруканасынан эки дарыгер жана бул үй-бүлөгө жакын эки адам берген маалыматка караганда, Риаддын губернатору принц Фейсал ибн Бандар Аль Сауд Covid-19тан улам изоляцияланган. Бул адам королдун жээни.
84 жаштагы король Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Жидда жээгинде же Кызыл деңиздеги бир аралда обочолонгон.
Уулу 34 жаштагы мураскер принц Мухаммед ибн Салман Аль Сауд да бир топ министрлер менен ошол эле жээктерде вирустан алыс болууга аракет кылууда.