Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “28,5 миллион сом акча чогулуп, 152 китепкана жаңыланды”

Нуржигит Кадырбеков: “28,5 миллион сом акча чогулуп, 152 китепкана жаңыланды”

13-март, 17:52
893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат  жана туризм министринин орун басары менен маек...

-- Нуржигит мырза, сиздер парламентке сунуштаган мыйзам долбоору боюнча улуттук китепканада иштеген саналуу кишилердин  айлыктары жогорулайт экен. Ал эми калган китепканачыларчы?

-- Эки вариант бар: же каражат жок деп эчтеке кылбай коюш керек, же бирдеке кылыш керек. Ошон үчүн биз улуттук китепканадан баштадык. Улуттук деген ат биз үчүн жакшы негиз болуп жатат. Бюджет тартыш болуп турган мезгилде баардык китепканачылардын айлыктарын бирдей көтөрүү мүмкүн эмес. Китепкана – бул адамдын рухун өстүрүп, акылын байыта турган жер. Ошон үчүн ал жерде иштегендердин көңүлдөрү ток болушу шарт деп, айлыктарын 1,8 пайызга көтөрүү маселеси коюлган. Каржы министрлиги 30 миллион сомдой бөлүп берүүгө макул болгон. 

-- Китепканалардын базасын жаңылоо багытында кандай иштер жүрүп жатат?

-- Кыргызстан боюнча 19 млн. китеп фонду бар. Анын алты миллиондою улуттук китепканада. Элестетип көргүлө,1063 китепкананы жаңылап чыгыш үчүн канча акча керек! Элибизге рахмат, мигранттарга рахмат! “Китепканалар  жаңыланып, элибиз китеп окуса экен” деген адамдар бар экен. “Бир адамдан бир китеп” долбоору аркылуу өздөрүнүн чөнтөгүнөн акча чыгарып, 150 миң сомго чейин берген адамдар болду. Жаңы китептерди чыгарганга бюджеттен да бир аз акча бөлүнүп, “Кыргызкитеп”, китеп палатасы аркылуу бул маселени чечкенге аракет кылып жатабыз. 

-- “Бир адамдан бир китеп” программасы канчалык натыйжа берди?

-- Бир жылда 28,5 миллион сом акча чогулуп, 112 миң китеп топтолду. 152 китепкана жаңыланды. Бул аябай жакшы көрсөткүч! Бул чоң бир кыймыл болду. Жаштар өздөрү ойлоп тапкан долбоор. КМШда, балким дүйнөдө да мындай долбоор жок болсо керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер