Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баялы Саркулов, серепчи: “Коомчулукта жазылбаган өксүктөр бар”

Баялы Саркулов, серепчи: “Коомчулукта жазылбаган өксүктөр бар”

07-июнь, 21:22
640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соцтармакта Бауржан, Акбала сыяктуу сөгүнгөн блогерлер өспүрүмдөргө, жалпы коомчулукка терс таасирлерин жаратып жатышса, күч органдары эмнеге тескөөгө алышпайт?

-- Негизи мындай нерселерди көп сөз кылып, канчалык сындаган сайын күчөй берет тура. Демек, коомчулукта ушундай жазылбаган өксүк бар. “Бокту чукусаң сасыйт" дечү беле?.. Ошондуктан бул маселе менен коомчулук эмес, атайын мамлекеттик органдар иш алып барышы керек. Маселен, коомдук пикирлерди, соцтармактардагы маалыматтарды көзөмөлгө алуу, чара көрүү тууралуу бизде бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Ошол мыйзамдар эле жетиштүү, чара көрүп, ээнбаш, богооздорду теске келтирип коюуга. Тилекке каршы, азырынча ал мыйзамдар коомдун белгилүү бир контингентине карата эле иштеп аткандай. "Сен саясатка кийлигишпе, башкасына биз да билбейбиз" дегендей эле. Ошондуктан буларга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, коомчулукка жарыяланып турушу керек. 


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер