Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент Садыр Жапаров аскерлер тууралуу жаңы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров аскерлер тууралуу жаңы жарлыкка кол койду

23-февраль, 18:17
3 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров кызматын өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотуу жана альтернативалуу кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативалуу кызмат өтөйм дегендер март-май айларынан баштап кабыл алынат. Документке ылайык, 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыра албаган эркек балдар өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга кызматка чакырылат. Ал эми аскердик жана альтернативалуу кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчылары куралдуу күчтөрдүн катарынан запаска бошотулат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер