Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Шаршеев, экономист: “IT жана эл аралык сатууга басым жасоо зарыл”

Искендер Шаршеев, экономист: “IT жана эл аралык сатууга басым жасоо зарыл”

30-декабрь, 13:31
3 494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бизнести өнүктүрүү жана аймактарга инвестиция тартуу боюна кандай кеп-кеңеш айта аласыз?

-- Инвестиция тартууда эң негизгиси элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн башташ керек. Анткени, элде инвесторлор эл-жерди тоноп кетет деген эскиче түшүнүк калыптанып калыптыр. Инвесторлор менен туура иштесе, алар жергиликтүүлөргө көп киреше алып келет жана ошондой эле өлкөнүн байышына чоң өбөлгө түзүлөт. 

-- Аймактардагы өнүктүрүү фонддорунан бөлүнгөн каражатты пайдаланууда эмнеге басым жасоо керек?

-- Аймактарды өнүктүрүү фонддору ириде айылдардагы өндүрүштү өркүндөтүүгө жана жолдорду оңдоого басым жасашы зарыл. Бул эки нерсе өлкөнү байытат. Ошол аймактарда курулган чакан ишканалардын товарларын дүйнөнүн ар тарабына жеткирүүгө жол ачуу менен көп нерсеге жетишебиз.

-- Пандемиядан кийин кичи жана орто ишкерликти жөнгө салуу оңойго турбаса керек?

-- Пандемиядан кийинки кадам – вакцинациялоо. Ал бизге жеткиче дагы 2-3 жыл өтүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан алдыда кандай болорун айтуу татаал. Эмки жылы экономикалык жактан оор болот деп жатышат. Бирок, Кыргызстандын потенциалы аябай жогору. Ал үчүн шаан-шөкөттү токтотуп, IT, эл аралык сатуу тармагына басым жасаш керек. Башкача айтканда, майда жана чакан бизнес өзүнүн иштөө ыкмасын өзгөртүшү зарыл.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер