Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Афганистанда үлпөт тойдо музыка коюшканы үчүн аткылап кетишти

Афганистанда үлпөт тойдо музыка коюшканы үчүн аткылап кетишти

01-ноябрь, 12:31
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Афганистандын чыгышында өздөрүн “талибанбыз” деп аташкан куралдуу адамдар үйпөт тойдо музыка коюшканы үчүн эки кишини атып өлтүрүп, он адам жаракат алды. 

Афганистандын TOLO News  булагынынын маалыматына караганда, тойдо үч киши келип кол салгандан кийин эң аз дегенде эки адам өлүм таап, он адам жаракат алды. Үлпөт тойдо музыка коюуга үй-бүлө талибдерден уруксат алышкан. Бирок, кечке жуук тойго белгисиз адамдар кирип келишип, музыкалык жабдууларды талкалаганга аракет кылып, каршылык көрсөткөндөрдү аткылашкан.

“Мен “жаштар мейли музыка уксун” деп айттым, бирок алар мени артка сүйрөп чыгып, ок атышты, бир нече эркек жарадар болуп, дагы экөө көз жумду.Тойдо 50дөй киши бар болчу” деди той берип жактан үй-бүлөнүн мүчөсү Нур Хазрат.

Бийлик бул окуя боюнча эки киши кармалганын маалымдады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер