Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Мен Кудай болгондон кийин дүйнөнү бириктирейин...”

Арстан Алай: “Мен Кудай болгондон кийин дүйнөнү бириктирейин...”

23-август, 08:47
1 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан мырза, барган сайын камалгандар арбып баратат, майнап чыгабы? Бул жөнүндө Ааламдан эмне кабар берүүдө?

-- “Кыргызды мокотуп, коркутуп башкарганга болбойт. Себеби Ааламдан буюрулган укугу көп. Мисалы, мага деле Сооронбай Жээнбеков “иш козгойм, соттойм” деп коркутууну баштаган. Аягында эмне болду? Менин Ааламдан буюрган укугум көп экен. Анын өзүн соттоп койдум. Ошо сыяктуу азыр чындыкты айтып чыркырагандарды камап, соттоп атканы акыр-аягы жакшы эмес го? Чындыкты баары эле айта бербейт. Аларга Аалам жаны кийилген үчүн айттырып атат. Андайларды Аалам өзү колдоп алат. Алсыз бийлик коркутуп башкарат. Ал эми күчтүү бийлик өстүрүп бириктирет жана башкарат. Андыктан жөн эле камай бергенден майнап чыкпайт!

-- Кумтөр кенинин айланасындагы бир топ маселелер кыргыздын бактысына чечилеби?

-- Экологияны кароого алмайын экономика көтөрүлбөйт. Кумтөрдү казышты эле, экономикага эч пайдасы тийген жок. Ааламда “Жер энени бүлүндүрүп, казып, тешип, жаратылышка зыян келтирсе, ууру-кескилер башкарса, анда ошо жердин ээси чарпып коёт. Мамлекетте өнүгүү болбойт. Ар кандай оору-илдеттер таркайт” деп берилет. Ошондуктан Кумтөрдүн мамлекетке, элине пайдасы тийбей атканы ушундан. Кумтөр барып-барып токтойт, казылбайт болуш керек. Кыргызга буюрган жок. “Баланча адам иштеп атат” деген эсеп эмес. 

-- Бул бийлик кандай иштеп атат? Ааламдан эмне кабар?

-- Бул бийлик доордун талабын билбей атат. Мына мен “Кудаймын” деп чыгып, Кудайдын ролун аткарып атам. Дүйнөнү бириктиришим керек. “Экономикам кыйын” дегендерди соттоп, табият аркылуу талкалап туруп, анан бириктирем. Же болбосо, илгерки адамдарда арбайлык сыпат болгон. Калп айтып, ушак тараткан эмес. Ууру-кескини айтпай тек коёлу. Чынчыл болгон. Мына ушу сыяктуу улуулук сыпатка ээ болбосо эл кырсыктап атат, мамлекет башчы ушуну билип туруп, элди улуулукка өстүрүп алса эле экономика өзүнөн-өзү көтөрүлмөк, кырсык да токтомок. Азыр камаганды коюп, элдин аң-сезимин өстүрүп, доордун талабын билсе, Аалам өзү колдойт эле. 

-- Дагы эмнени жоруйсуң?

-- Бир кезде мен “Атамбаев менен Сооронбайды бийликтен кетирип, “сезонун” бүтүрөм” дегем. Мунун баары иш жүзүнө ашканын баарыбыз көрүп турабыз. Демек, Кудай урду болот. 

-- Соңку сунушуң?..

-- Ааламда “сынды айтса сынды көтөрө бил. Ички жандүйнөң сырдалат. Такай эле сый көрө берсең, анда адашып каласың” деп берилет. Анын сыңарындай, бийликтегилер сынды көтөрө билиши керек. Туура сөздү сүйлөгөн, чындыкты жеткиргиси келген адамды, Жеңиш Модокматовго окшогон жигиттерибизди камай бергенде жакшы болбойт. Бийликтегилер айкөл болсо, элине дух берип, өстүрсө...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер