Сот чечиминен кийин Кашкар Жунушалиев Бишкектен качып жоголду
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жүрүп атат. Акыры чечим чыкты: Кашкар Жунушалиевди күч менен алып келүү таризинде. Буга чейин экс-министрди эркелетип келишкен. Сокенин буйругу менен кыйла “жарманы чалышып”, жергиликтүү элди эзип жиберишкен эле. Орозбек Опумбаев да жоопко тартылыш керек. Ал эми Кашкар Жунушалиев Бишкекте эле беткап тагынып, кепканы баса кийип, жашынып жүргөнү каңкууланган. Сотко мажбурлап алып келүү чечими чыккандан кийин качып жоголуптур. Сыягы, сыртка чыгып кетти окшойт. Эгерде кармалса керт башына айыптоолор илинип, камалып кетиши ажеп эмес эле. Ток этерине келсек, Кой-Таш коогалаңында башкы күнөкөр Сооронбай Жээнбеков болору, ага карата дээрлик көрсөтмөлөр берилери эмитен айтылууда. Чоң чатактар алдыда окшойт.
"Азия Ньюс" гезити