Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Сүрөттөрүңдү күйөөңө жиберем” деп коркутуп жатат...
“Сүрөттөрүңдү күйөөңө жиберем” деп коркутуп жатат...
19-март, 18:00
1 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эжелер, менде чоң күнөө бар, урушкула, тилдегиле. Бирок, кеңеш бере кеткиле. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Үч баланын энесимин. Кашайып, жолдон азгырылып, бир байке менен таанышып, жактырып калгам. Үй-бүлө кургандан кийин түйшүк көп, күйөөңдөн да жакшы сөз укпай калат экенсиң. Анан башкалар жакшы мамиле кылса, арбалып кете бергенимди карачы... Ал байке экөөбүз жолугуп жүргөнбүз. Мен эми эсиме келип, “болду, мамилени токтотолу” дегем. Ал байке мени ич кийимчен сүрөткө тартып алган экен. Эми болсо коркутуп жатат. “Мени менен жолугуп турасың, болбосо ошол сүрөттөрдү туугандарыңа, күйөөңө жиберем, абийириңди ачам. Күйөөң менен ажыраштырам” дейт. Эмне кыларымды билбейм, кылганыма өкүнүп, депрессияда жүрөм.
Айзада