Азамат Тынаров, блогер: “Дыйканчылыкты, балчылыкты өркүндөтүү билимди талап кылат экен”


-- Азамат мырза, дыйканчылык, балчылык ишиңизде блогерликтин пайдасы тийип жатабы?
-- Албетте, блогер болсоң жарнамалык кызматтарга муктаж болбойт экенсиң. Алуу, сатуу маселесин жарнамалаганга киши издебей эле өзүң жүргүзө бересиң да. Ошондой эле кимдир бирөө менен сүйлөшкөндө “сизди социалдык тармактан көрүп калчумун, ошол блогер турбайсызбы” деген сөз деле мамиле түзгөнгө, аласа-бересеге пайдасы тийе берет экен.
-- Дыйканчылык менен балчелекти бирдей алып кетүү кыйынчылык жараткан жокпу?
-- Дыйканчылык менен балчелекти бирдей алып кетүү кыйын эле, бирок убакытты туура пайдаланып, баарына жетишсе болот. Эң жакшы жери: эртеден кечке кыймылда болгон үчүн кечинде жакшы уктайсың.
-- Пайда кулпунайдан көбүрөөк түшөбү же балчылыктанбы?
-- Экөөнүн кирешеси бирдей эле. Кулпунайды сактай албайсың, шыр сатасың. Тагыраагы, чыккан баа кандай сунушталса көнөсүң. А балга өзүң ыраазы болгон бааны коёсуң. Тагыраагы, баасын чыгарып сатасың. Бул эки тармакты бирдей алып кетүү жашоо шартты жакшыртуу, үй-бүлөмдү багуу, эч кимге көз каранды болбоо үчүн жасаган аракетим да. Кудайга шүгүр, ишти жөндөп кеттим.
-- Кулпунайды соцтармакта сатасызбы же дүңүнөн эле берип коёсузбу?
-- Кулпунайды дүңүнөн сатам. Сыртка ташыгандар басымдуулук кылышат. Биздин базарга анча-мынчасы эле чыкпаса, көбүнчө Казакстанга, Россияга алып кеткендерге өткөрөбүз. Негизи кулпунайды чоң көлөмдө деле өндүрбөйм, алымдын жетишинче эле багам.
-- Уядагы бал дагы өз кардарын таптыбы?
-- Уядагы бал мурун эле бал саткан дүкөндөрдө сатылчу. Анын пайдасын түшүнгөндөр гана алышчу. Болгону мен аны жарнамалап койдум. Себеби, бал сатканда “рамканы кошо ала келчи, уядагы балды жеп, сыртын чайнайт элем” дегендер болду. “Уядагы балдын рамкасын 1000 сомдон берем” десем, кардарлар көп чыгып, ала башташты. Мен мындан уядагы балды жегиси келгендер көп экенин билдим.
-- Бир рамкадагы уядагы балдан канча бал чыгат?
-- Эгер рамка толо болсо, бир жарым кило бал чыгат. Өзү бир сегиз же эки килограмм чыгып жатат. Таза бал бир жарым кило чыгат.
-- Муну сактаса кандай?
-- Тике коюп, күн тийбеген салкын бөлмөгө сактаса, агып калбайт. Негизи уядагы бал эч качан сапатын жоготпойт.
-- Аары багуунун дагы түйшүгү барбы?
-- Албетте, өзүнө тийиштүү түйшүгү арбын. Аарылар дагы биттейт, ичи өтөт. Ошон үчүн өз убагында дарылап, алдын алыш керек дегендей. Атам балчы болгондуктан балалыгым аарынын арасында өттү. Ошон үчүн бул тармакта иштеп кетүү мага өтө деле оор болгон жок. Менин балалык кездеги кызыктуу күндөрүмдүн баары аарыга байланыштуу. Атам экөөбүз тоонун арасына кичинекей ящиктерди койчубуз. Капканга түшкөн аарыларды үйгө алып келип, колго бакчубуз. Атама пайдам тийбесе деле эмнегедир мени ээрчитип алчу. Экөөбүз божурап, көп нерсени сүйлөшчүбүз. Сөзүбүздүн көбү аарыга байланыштуу болчу. Атам аарылар эмнеге учуп качып кетеринен бери түшүндүрүп берчү. Алтургай гүлдөрдүн дагы бал берген-бербегенине чейин сүйлөшчүбүз. “Бул гүл пайдалуу, тигиниси анча пайдасы жок” деп. Атам берген түшүнүк менен эле аары багып кеттим.
-- Дагы эмнени өздөштүрүүнү пландап атасыз?
-- Аары, кулпунай, малина – жаз, жай, күз гана мезгилдерде алек боло турган иштер. Кышында бош отуруп калам. Ошон үчүн кышкысын алек боло турган гүл өстүргөн күнөскана куруу ниетим бар. Гүлдөр февралдын этегинде ачылса, 8-мартка даяр болуп калса деп кыялданып жатам. Каражатым жетсе, ушул ишти баштаганы турам.
-- “Галстук тагынган чиновник” кыялыңызда бар беле?
-- Мен деле галстук тагынган чиновник болуу үчүн окугам. Кызматка барып иштейм деп ойлогом. Ата-энем, туугандарым, досторумдун баары мени кызматкер катары элестетишчү. Бирок, мен дыйканчылык жана балчылык менен жан багып калдым. Кудай буюрган күнү мүмкүн мамлекеттик кызматкер болуп калармын. Негизи ак көйнөк кийген чиновник болгум келчү. Азыр ак көйнөк кийип дыйканчылык менен алпурушуп жатам.
Негизи эки дипломум бар. Биринчи кесипти автожол техникумдан алгам. Экинчи билимди агрардык университеттин жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу адистиги боюнча алгам. Башта милициянын күзөт кызматында төрт жыл иштедим, айылдык кеңешке депутат болгом. Коомдук, мамлекеттик иштерде байкоочулук кызматтарды кылгам. Анан дыйканчылык менен алектенип кеттим.
-- Жасап жаткан ишиңизден ырахат аласызбы?
-- Ооба, ырахат албаска аргам жок да. Олчойгон акчаларды салгандан кийин кайда басып кетет элем. Дыйканчылык ишти жөнгө салганга эле эки миллиондон ашык каражат короттум. Талаа иштери оор болсо да, каражатың корогон соң, өз көңүлүң менен эле байланып калат экенсиң. Анан пайдасын көргөндө, “мээнетим кайтты” деп албетте, ырахат аласың.
-- Сиздей мээнеткеч болгусу келгендер эмне кылышы керек?
-- Мендей иштөө үчүн иштин өтөөсүнө чыгуу үчүн ишеним керек. “Муну кылсамбы же тигини кылсамбы?” деп кылчактай берем, болгон акчаны кетиргенден кийин айла жок ошол тармакты сүйүп, иштин үзүрүн көргөнгө аракет кылам.
Дыйканчылык десе эле кетменди сүйрөп алып, талаада жүргөндү элестетпеш керек. Тагыраагы, дыйканчылыкты, балчылыкты өркүндөтүү билимди талап кылат экен. Бала кезден талаа иштерине иштеп көрбөсөм да, бул тармактын чоң түйшүгү бар экенин, бир нерсени өндүрөрдө анын жол-жобосун билүү маанилүү жагын түшүндүм. “Кулпунай, малинаны сугарып койсо эле боло берет” деп ойлочумун, көрсө, алардын дагы оорусу, курту болот экен. Агроном болбосоң дагы кайсы учурда сугарыш керектигин да билүү маанилүү. Бирок, азыр интернет өнүккөн заманда бир нерсени үйрөнүш оңой. Себеби, баарын Ютубдан карап аласың. Анан тийиштүү адистердин кеңешин угасың. Бирок, ошол баардык нерсени өзүңө сиңирип, пайдаланыш үчүн деле билимдүү болгонуң жакшы. Негизи көлдүн аба ырайы мөмө-жемиштерге ыңгайлуу деп угуп, көлгө дагы малина эгүүнүн аракетин жасап жатам.
"Азия Ньюс" гезити











