Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индияда асман тиреген эки имарат жардырылды

Индияда асман тиреген эки имарат жардырылды

29-август, 11:50
339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индиянын Нью-Дели шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреген имарат жардырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 32 кабаттуу "Aпекс" жана 29 кабаттуу "Сеян" өлкөдөгү жардырылган эң бийик имараттар болуп калды. Бул имараттарда дээрлик миңден ашык батир жайгашкан. Асман тиреген имараттарды бузуу үчүн 3700 килограмм жардыруучу зат керектелген.

Жардыруу операциясы башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың материал менен капталган. Полиция аймакты курчоого алып, бир нече жол тосулган.

Бул имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулган. Жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы минималдуу аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болгон. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузуу чечимин чыгарган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер