Эки айга камалган Ырыс Жекшеналиевдин эркиндикке чыгышына үмүт бар
“Полит Узник” баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалышы коомчулукта чоң талкуу жаратты. Эркиндикке чыгышын колдогондор басымдуу көпчүлүктү түзгөнүн байкадык. Мындай шартта бийлик гумандуулук кылып, үй камагына чыгаруу менен териштирүү иштерин жүргүзсө болмок. “Түрмөгө жыландын баласы жатпасын” деп бекер айтылбаса керек. Камакка алууга себепкер Абдил Сегизбаевдин президенттик шайлоодо Жетим-Тоо боюнча айткан видеосу экен. Соңку убакта аны жайылтканы үчүн Ырыс Жекшеналиев айыпталып, эки айга камалды. Мындай шартта жакшылыктан үмүт үзбөй, соттун кийинки инстанциясына арыз жазып, баш коргоо чарасын алмаштырууга аракет көрүлүшү кажет. Жаш блогер курчтугуна салып, ашачабышы мүмкүн. Бирок түрмө түз тарбия бербейт, көп жагынан жоготуулар болору шексиз. Андыктан, Ырыстын эркиндикке чыгышынан үмүт кыла туралы. Бийлик төбөлдөрү да сабырдуулукту, айкөлдүктү карманса керек.
"Азия Ньюс" гезити