Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Молдо күйөөмдүн сакалын кырдырып, топусун калпакка алмаштырдым...
Молдо күйөөмдүн сакалын кырдырып, топусун калпакка алмаштырдым...
30-сентябрь, 22:09
722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен 30га жаңы чыгып, 47 жаштагы аялы өлүп калган молдо менен турмуш курдум. Туугандарым мажбурлап көндүрүшкөн. Тагдыр экен...
Башында сакалчан, чачын кырдырган, топу кийген адамга көнө албай жүрдүм. Бирок, барган сайын күйөөмдү карап, чачын өстүрүп, жасалгаладым. Сакалын болсо албай жүрдү. Жылуу сүйлөп атып, акыры көңүлүн таптым, сапсайган жүзүн келиштирдим ай! Тыкырайта кырдырдым. Акыры жакшынакай болуп чыга келди. Топусун чечип, ак капак кийгиздим. Намазын окуй берсин. Мына, бир жылга жетпей кебетесин оңдодум, жашарып эле чыга келди. Жакшынакай жигитке айланды. Ортобузда сүйүү оту да жанып, боюмда болгонуна кубанычтамын! Менин кеңешим: динге берилсеңер да кырынып, таза, тыкан жүрбөйсүңөрбү?..
Жийде
Aryba.kg