Коомдук ишмер Ташкул Керексизов 9-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат...

Аны жакындан билгендер Керексизов коронавирус жугузуп алып, акыркы күндөрү Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланып жатканын кабарлашты. Маркумдун өпкөсү кагынганы айтылууда.
Ташкул Керексизов Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" комплексинин негиздөөчүсү. 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган.
1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "Товар изилдөө" адистиги менен аяктаган. 1996-жылы Кыргызстан кооперативдер бирлигин жетектеген. 1996-1997-жылдары Талас облусун башкарган. Анан кийинки жылдарда Салык кызматынын директору болгон.
1999-2000-жылдары Маммүлк фондун жетектеген, 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланган.
Ал Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы "Манас" орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде "Рух Ордо" комплексинен тышкары "Аалам Ордо" маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.
Ташкул Керексизовдун сөөгү 9-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.