Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргыз-казак чек арасында 300дөй машина кезекте турат
Кыргыз-казак чек арасында 300дөй машина кезекте турат
20-апрель, 11:58
479 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина топтолуп турганын Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлады.
"Чоң-Капка-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 60 автоунаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат. Мекеменин басма сөз кызматынын маалымдашынча, "Чалдыбар-автодорожныйда" 35тей, "Кең-Булуңда" 30дай машина бар. Мамлекеттик чек аранын башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок.
Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир аптадан ашык убакыттан бери чечиле элек. Буга чейин "Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү "Кең-Булуң" бекетине жөнөтүлгөнү кабарланган.