Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков: "Жаңы үй сала электе эскисин бузбай туралы"

Жолборс Жоробеков: "Жаңы үй сала электе эскисин бузбай туралы"

20-июнь, 19:30
669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый илимдердин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун жетектөөчү кызматкери Жолборс агабыз менен учур кырдаалына жараша маек курдук.

-- Жолборс аке, биздин гезитке саясат боюнча материалдарыңызды берип калчу элеңиз, көптөн бери кабарыңыз билинбей кетти. Гезиттин окурмандары кээде сурап калышат, кеп сала отурсаңыз...

-- Сурат, жаш өйдөлгөн сайын түбөлүктүү нерселер жөнүндө ойлонуп калат экенсиң. Ушул жыл буюрса жемиштүү болгону турат. Абдыганы Эркебаевдин саясый бейнесине арналган китебимди жакында академияда талкуудан өткөрдүм. Ч.Арабаев, А.Асанканов, Нур Уулу Досбол, Т.Мамытов, Н.Саралаев, О.Козубаев ж.б. өз ойлорун, сын пикирлерин, алымча-кошумчаларын айтышты. Жакында басмага берем. Быйыл Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык юбилейи эмеси, ошого карата буюрса жарыкка чыгып калат.

Мындан башка акыркы 5-7 жылдан бери “Оргу” деген уруунун санжыра-тарыхын терип-тепчип жазып жаттым эле, муну да бүтүрдүм. Кыргыз тарыхында терең из калтырышкан Курманжан датка, Уркуя Салиевалар жөнүндө да жаңы көз караштар бар. Өтө олуттуу эмгек болот деп ойлойм. Булардан башка академиянын планы боюнча даярдалган “Кыргызстандагы саясат: кечөө, бүгүн, эртең” деген монографияны да жакында басмага берем. Бул эмгек күзгө карата чыгат. Анткени мен быйыл 75ке чыгам, ал эми эжең экөөбүздүн чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 50 жыл болот. Эжеңдин 70 жылдыгын өткөн жылы “Ала-Тоо” университети чоң уюшкандыкта өткөрүшкөн. Экөөбүздүн үй-бүлөгө байланыштуу “Тирилик” деген кичинекей китепче да быйыл жарык көрмөкчү. Иши кылып, башты кашыганга убакыт жок.

-- Жакында Жогорку Кеңеште жана социалдык желеде өлкөдөгү билим берүү жана илим маселеси боюнча абдан карама-каршы пикирлер чыгып, коомчулукту бир топ дүрбөтүп койду. Бул жагында да сиздин пикирди уксак?

-- Азыр биз коомчулукка “баланы сөзсүз эле ЖОЖдон окутуш керекпи, анын канчалык зарылчылыгы бар?” дегенди эли-журтка жакшы түшүндүрүшүбүз керек. Болбосо, союз убагында 70 жыл, эгемендүүлүктүн 30 жылдан көбүрөөк мезгилден бери “шымымды сатсам да баламды (кызымды) ЖОЖдон окутам” деген психология кынтыксыз жашап келет. Ар бир экинчи адам экономист же юрист. Бирок элементардык жоболорду билбейт, окуган эмес. Мына ошолор азыр депутат же министр. Фамилиясын жаза албайт, бирок 2-3 же 4-5 диплому бар. Демек, диплом анын билимдүүлүгүн билдирбейт. Өткөн кылымдын 80-жылдарында кандидаттык диссертациямды коргойм деп Балтика боюндагы республикаларга көп барар элем. Ошол жылдары эле аларда ПТУга көп балдар барып, ал эми ЖОЖдорго 30-40% эле бүтүрүүчүлөр барабыз деген ниеттерин билдиришчү. Анан ойлочумун, “бизде да бир он жылдан кийин ушундай болот го” деп. Мына андан бери 50 жылдай убакыт өттү, дале баягы. Ошондуктан 1990-жылдары “Кыргыздар жана базар экономикасы” деген чоң макала жазган элем, андагы көптөгөн жоболорду кийин көптөгөн эксперттер, окумуштуулар өз монографияларына шилтеме кылып киргизишкен.

Биз билим берүүдө да “рынок баардыгын өзү иреттештирет” деп жөн эле таштап салдык. Эсепсиз ЖОЖдорду ачтык. Бир да педагогикалык окуу жай калган жок. Дээрлик университет, баардыгында юридика менен экономика бар. Кызыгы, биз жылына алты миңге жакын бюджеттик орундарды себелеп, ар кайсы ЖОЖдорго бөлүштүрүп беребиз. Андан да кызыгы, ошол миңге жакын адис бизге керекпи (?) – аны анализдеген адам жок. Союз убагында кайсы мектепке канча химик, биолог ж.б. муктаждыгы боюнча маалымат болор эле, ошого карата пед окуу жайларында кадрлар даярдалчу. Муну аныкташ анча деле кыйын эмес го! Министрликте компьютер ойноп отургандардын төрт-бешөө статистика комитети менен биргелешип ар бир предмет боюнча мугалимдердин санын, жашын аныктап, ошого жараша даярдасак болот да. Педагогикалык ЖОЖдорду калыбына келтирип, бюджеттик орундарды ошолорго бериш керек. Чет элдик жарандарды окутуп жаткан ЖОЖдорду колдош керек, бирок салык жагын тартипке салуу лаазым.

Азыр 50-70 миң доллар төлөп, жаштарды чет өлкөлүк абройлуу окуу жайларында окутуп жатабыз. Муну биз Акаевдин убагында эле өтпөдүк беле? Алар дээрлик көпчүлүгү кайтып келбей, ошол жактан орун-очок алып жашап калышты. Айрымдары банктарда, ЖОЖдордо иштеп жүрүшөт. Муну эртерээк түшүнгөн казактар өздөрүндө абройлуу ЖОЖдорду жасап, ошого каалаган профессорлорун чакырып лекция окутуп жатат. Ошентип Астанада, Алматыда эл аралык талаптарга жооп берген ЖОЖдор пайда болду. Бирок Назарбаевдин бир көрөгөчтүгү – Казак улуттук университетинин аброюн абдан көтөрдү. Анткени өзү жылына бир жолу университетке келип, мугалим-профессорлору менен жолугуп, алардын баардык көйгөйлөрүн чеччү. Айрыкча “кандай ЖОЖ болбосун алардын маянасынан улуттук университеттин мугалимдериники 100 долларга көп болуш керек” деген жазылбаган мыйзам бар. Ошондуктан эң күчтүү профессорлук курамды сактап кала алышкан. Демек, улуттук университеттин профессорлук курамы да, анын имараттары да калган ЖОЖдордон мыкты. Анткени ал улуттун символу. Ал эми биздин университеттин Сталиндин убагында курулган имараты КМШ өлкөлөрүнүн биринде да жок, ал эле эмес Тажикстан, Түркмөнстанда да 10-15 кабаттуу улуттук университеттери бар.

-- Эми сөздү илим жагына бурсаңыз?

-- Жакшы болот. Жакында Жогорку Кеңеште Сурабалдиева деген депутат кызыбыз “PhD докторлугун жактап келген кыз төрт ай ишин нострификациядан өткөрө албай, кайра кетип калды. Өтө абройлуу окуу жайды бүтүп келген эле. Чалдар орунду бошотпой отурушат” дебедиби?

Биринчиден, алардан (ошол абройлуу) бүтүп келген пейдждокторлордун диссертациясынын деңгээли биздин курстук дипломдук иштей, же болбосо магистрлик диссертациянын деңгээлиндей эле. Аны эмне үчүн төрт ай кармаганын билбейм. Экинчиден, ошол кыз келсе, мен академиядагы ордумду бошотуп берет элем. Бирок 16-18 миң сомго ал жерде иштейби (?) – бул башка маселе. 

Мен өмүр бою ЖОЖдо иштедим, акыркы он жылдай университетте ИМОП деген институтта директордун илим боюнча орун басары болдум. Мына ушул жерде Европанын абройлуу окуу жайларынан PhD доктор болуп келгендердин көбүн көрдүм, ошон үчүн айтып жатам. Албетте, баардыгы эмес, айрымдары, айталы, Ч.Шамшиев, Н.Бейшеналы, А.Доолоткелдиева ж.б. жигит-кыздар биздин кандидат, докторлор менен ат салыша алат. Ал эми аларды даярдоо чет мамлекеттерде таптакыр башкача, бизде болсо анын пародиясы. Ошондуктан бизде традициялык жол менен жана пейдждокторлорду параллель алып кете бербейлиби? Анан илимди бу биздин жакынкы кошуналарда кантип даярдап жаткандары боюнча тыгыз карым-катнашты жүргүзүшүбүз зарыл.

Билишимче, өкмөттүн астында илим-билимди караган кандайдыр бир комиссия бар имиш. Ошолор илим-билимде реформаларды жасайт экен. Айталы, жакында бир билермандын айтымында, “жалпы республикалык тестирлөө” бул эң сонун экен. Анда биз он жыл окутпай эле ошол тестирлөөнүн суроолоруна эле даярдабайлыбы балдарды? Ансыз деле азыр онунчу класста эле көпчүлүгү атайын репетиторлор менен тестке гана даярданып калбадыбы. Реформа деген – бүтүн нерсени эле жоюш, талкалаш эмес да! Мына казактар академиясын жоюп, кандидаттык-докторлук диссоветтерди жаап салышкан эле. Бирок, бир нече жылдан кийин академияны кайра түзүштү. Ал эми кандидаттык-докторлук диссертацияларын бизге келип коргоп жатышат. Болбосо алар деле пейдждокторлугун Батыштагыдай өздөрүнөн бирөө, чет мамлекеттен бирөө жетекчи болуп, ири суммада акча каражатка жакташкан. Ошондуктан акылга салып, раматылык Ислам Абдуганиевич Каримов айтмакчы, “жаңы үй сала электе эскисин бузбай туралы”. Биздин “либерал ой жүгүрткүчтөр” Американы же Европаны көрүп алып, “эртең эле ошондой жасап жиберсек” дешет. Мен өмүр бою ЖОЖдо иштедим дебедимби, ошондуктан бу Батышындабы же Чыгышындабы, кичине сөзгө илинген ЖОЖдорго башбагып чыккам, Кудайга шүгүр, алардагы абалды да билем. Эмне үчүн Англиянын билим берүү министри билим берүүнүн советтик системасын колдонууну сунуштап жатат? Ошондуктан азыркы системанын мезгилге жооп бербей калганын таштап, акырындык менен заманбап системага өтпөйлүбү? Болбосо эң жакшы иштеп жаткан институттарды жоюп, же бирин-бирине кошуп, кайсы бир шылуундун кызыкчылыгы үчүн талкалай бербейли да. Биз эли-журтубузга “жогорку окуу жайда окуунун өзү кереги барбы?” деген суроону берип, мынчалык массалык билимсиз адистердин эч кимге кереги жок экенин түшүндүрсөк, мүмкүн айрым адистиктерди аз эле эсепте даректүү даярдаган ЖОЖдор керектир... 


(Уландысы кийинки санда)

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер