Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумтөр алтын кенинен 150 миң, 200 миң доллар маяна алышкан 13 кыргызстандыктын ысымы аталды

Кумтөр алтын кенинен 150 миң, 200 миң доллар маяна алышкан 13 кыргызстандыктын ысымы аталды

19-апрель, 12:19
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин колубузга 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин алгач Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, андан кийин президент Алмазбек Атамбаев жана ал дайындаган мураскери, президент Сооронбай Жээнбеков Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голд Инк” чет элдик компаниясына Кыргызстан тараптан өкүл болуп дайындалган жана 150-200 миң доллардан маяна алышкан кыргыздардын ысымдары тийди. Ушул жогоруда аты аталган үч президенттин каалоосу менен Кумтөрдөн 150-200 миң доллар маяна же ооз басырык алышып, 11 жылдан бери кыргыз алтынын чет элдиктердин талап-тоноосуна көз жумуп келе жаткан төмөндөгү баатырларга назар салыңыздар: 

Ибраев Карыбек Эмилжанович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Муралиев Амангелди Мурсадыкович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Ниязбек Алдашев, 2011-жылдын 23-июнунан 2012-жылдын 22-июнуна чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Шакиров Кылычбек Абидинович, 2013-жылдын 31-июлунан 2016-жылдын 17-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Садыров Калинур Алымбекович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Орозбаев Эмилбек Мусинович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Сагынов Бектур Өскөнбаевич, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Кубатов Эдуард Жумакадырович, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Кыштобаев Нурлан Жумабекович, 2016-жылдын 17-майдан 2018-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Өскөмбаев Аскар Кубанычбекович, 2018-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 4-декабрына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген. 

Касенов Дүйшөналы Рахимович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет. 

Көбөнбаев Максат Шайлообекович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет. 

Тенгиз А.У.Бөлтүрүк, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер