Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил ҮМӨТАЛИЕВ, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: “ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт”

Эмил ҮМӨТАЛИЕВ, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: “ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт”

09-ноябрь, 11:40
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убактарда 2020-жылдан тарта автоунаалар гана кымбаттабай, 160 аталыштагы товарлардын баасы көтөрүлөрү тууралуу да айтылууда. ЕАЭБге киришибиздин өйдө-төмөнү тууралуу кандай пикирдесиз?

-- Мен “ЕАЭБге киребиз” дегенден бери эле пайдасына көзүм жетпей, факторлордун, мисалдардын жана ой жүгүртүүлөрдүн баары көбүрөөк зыян алып келерин далилдер менен бөлүшүп келгем. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Ошондон бери массалык маалымат каражаттарына ачык эле маек берип, баардык жерде бажы биримдиги бизди экономикалык гана эмес, саясый дагы кризистерге чөктүрөрүнө көзүбүз жетип турганы тууралуу бөлүшүп жүрөм. Ошондуктан, бүгүнкү күнү болуп жаткан көйгөйлөр мен үчүн эч кандай жаңылык эмес. Бул он жыл мурда эле таанылган жана далилденип жүргөн көйгөйлөр. Азыркы баалардын көтөрүлүшү эмненин себебинен улам келип жатат? Эл менен эч кеңешпей, талкуулабай, ачык көрсөтпөй, бааларды жана келишимдерди элдин алдында ачык айтпай, аябай шашылыш түрдө кабыл алынган. Биздин мыйзамдар ар бир экономикалык чечимди өлчөп, анализ жүргүзүп жана коомчулуктун, элдин арасында көбүрөөк талкуулап, анан саясый чечим кабыл алынышы керек эле. Ал учурда ошол эрежелердин баары бузулган болчу. 

-- Мындан ары дагы кандай жагдайлар күтүлүшү мүмкүн?

-- Мындан ары дагы оор болот. Бир гана товарлардын баасынын көтөрүлүшү эмес, деги эле башка көйгөйлөрү көбөйүп келе жатат. Ушул жуманын ичинде эле муну негиздеген Орусия чектөөлөрүн көбөйттү. 

Дүйнөнүн 200 өлкөсүнө саналуу төрт-беш өлкө биригип алып, 95 өлкөдөн чектелип, алар менен тирешип, аларга соода, экономикалык, саясый тиреш жүргүзүүгө чечкиндүү кадамдарын жасап жатат. Биз оор акыбалда калганы турабыз. Турмуштун баардык шарттарында кыйынчылыктар күтүлөт. Коомчулук ага даяр болушу керек. Ал оор күндөрдө кантип элдин тынчтыгын сактоо керектигине өкмөт даяр болушу зарыл. Элдин алдыдагы көйгөйү, жашоо шарты тууралуу жалпы ойлонушубуз кажет.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер