Акыркы кабарлар
» Саясат » Ташиевге моюн толгогон Мамытов чырга себепчи болчудай
Ташиевге моюн толгогон Мамытов чырга себепчи болчудай
01-январь, 15:12
3 709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өзүн президент сезип алган Талант Мамытов өткөн жумада коопсуздук кеңешин өткөрүп, бүтүндөй күч органдарын чакырса, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барбай койду. Ал өз алдынча журналисттерге пресс-конференция өткөрүп, коомчулукка талкуу жаратты. Карама-каршылыктуу мындай көрүнүш эмнени билдирет? Ташиев президенттин милдетин аткаруучу Мамытовду тааныбай койгону ушулбу? Буга чейин да тирешип келишкени айтыла калчу. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Талант Мамытов шефи Садыр Жапаровдун гана сөзүн угуп, тапшырмаларды кынтыксыз аткарары кабарланган. Ал эми Камчыбек Ташиевге моюн толгоп калганы, тирешкени көп чатактан кабар бергенсийт...
"Азия Ньюс" гезити