Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз прозасындагы Чыңгызхан: автордук көз караштар

Кыргыз прозасындагы Чыңгызхан: автордук көз караштар

12-февраль, 11:31
1 134 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көркөм адабиятка ынтызар адам кыргыз прозасында ХХI кылымдын баш ченинен тарта роман жанрынын, анын ичинде ошол жанрга коюлган талаптарга, баа-ченемдерге жооп береби-жокпу (?) деген соболго көз жума турганда деле прозанын “тарыхый” аталышына жамынган чыгармалардын арааны жүрүп жатканын байкабай койбойт. Кыргыз романдарынын жарала баштоосун өткөн кылымдын 30-жылдарынын ортосу менен белгилесек ("Узак жол", "Кандуу жылдар", "Кең-Суу", "Каныбек"), ХХ кылымдын изи сууганча жазылган роман аттуунун баарынын жалпы саны кийинки чейрек кылымда жамырап жарык көргөн романдарга жете бербесин көрөбүз. Сандык көрсөткүч көркөм-адабий процесстин нарктуу белгиси боло албаса да, аны биротоло көңүл сыртында калтыруу кыйын. Анткени, ал кантсе да анда жүрүп жаткан изденүүлөрдүн мүнөзүнөн, көркөм-эстетикалык кыймылдын оош-кыйыш жактары менен бирге эртеңки өнүгүү багыттарынан алынча кабар бербей койбойт. Сан акырындап сапатка өтүүгө умтулат – ар нерсенин табияты, башка коомдук-руханий көрүнүштөр сыяктуу эле көркөм адабияттын ички маңызы да ушуну көксөйт, ошол сапатты талап кыла келет. Антпесе, сапатка басым жасоодон башка жол, башка айла жок экендигин сезип-туйган калемгерлер болбосо, алар чаалыкпай изденип караламан калемгерлердин ичинен бирден-экиден суурулуп чыгышпаса, көркөм адабияттын баасы түшүп, кунары качып, ага болгон коомдук кызыкчылыктын төмөндөөсүнүн негиздүү себептеринин бири болуп калат. 

Соңку кыргыз прозасында тарыхый тематика өтө жыш жана ыкчам иштелип, ондогон повесттер, романдар жарыяланып, алардын ичинен чыгып-чыкпай унутулуп, бир ооз кеп-сөзгө алынбай калышы бул тармакка баш койгон авторлорду ойго салбай койбосо керек. Натыйжада ошол ооматы кеткен чыгармалардай жорго салыш менен арыдан-бери жазыла калбаган, тарыхый өткөн чак бир жактуу жана чала-чарпыт сүрөттөлбөгөн, аныгында эле бул жанрдын көркөм-эстетикалык нарктуулугун көтөргөн чыгармаларды жаратуу зарылдыгы келип чыкты окшойт. Тарых каалагандай аңтарып кийе берчү тон эместигин түшүнгөн авторлордун бир даары тарыхый көркөм материал топтоп, ылгоонун жана сүрөттөнүн башкаларды кайталабаган, натыйжалуу ыкма-каражаттарына издөө салганы да ушундан улам болуш керек. Кандай гана эл болбосун узунду-кыскалуу тарыхы болуп, ал аны ар дайым эсинде сактап, таанып-билүүгө, анын сабак болчу, таалим алчу жактарын муундарга мурастап калтырууга умтулат да, жасалгалап, шөкөттөп фольклорго оодарат, адабиятта болсо сөз чеберлери же өзүн ошондоймун деген калемгерлер аны көркөм ой элегинен өткөрүп, ирдүү жана олуттуу учурларын ылгап, иргеп, тарыхый факт менен кыял туундуларын жуурулуштуруп, образдуу формада берүү аракетин көрүшөт. Мындан улам адабияттагы тарыхый жанрды элдин өзүнүн өткөндөгүсүн бүгүнкү күнгө жалгаштырып, образдуу-элестүү түрдө кайра жаратуу аракеттеринин табыгий жана мыйзамченемдүү көрүнүшү десек болот. Мындай жооптуу ишти бир жагынан илимпоз-тарыхчы, бир чети нукура көркөм сөз чебери катары эки ишти моюндап, айкалыштырууга дарамети жеткен чыгармачыл инсандар гана аткарары айгине. Демек, тарыхый жана көркөм чындык, алардын синтези деген маселе бул жанрдагы чыгармалар үчүн өзөктүү орунда туруп, адабий-эстетикалык башка толгон проблемаларды жетектеген да, чечкен да күчкө ээ болуп калат. Ал эми ошол тарыхты көркөм чындыкка айлантуунун каражаттары, ыкмалары ар бир автордун талантына, билимине жана чеберчилигине көз каранды экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

Дегинкиси, "тарыхый" аталышындагы жанрдык аныктамага жана чыгарманын иш жүзүндөгү мазмунуна келгенде кыргыз жазуучуларында ачык-айкын позиция жок сыяктанып, олку-солкулуктар байкалат. Маселен, Т.Сыдыкбеов, Т.Касымбеков, К.Осмоналиев сындуу бир катар нукура тарыхый романдардын авторлорун айтпаганда деле, кийинки чейрек кылым аралыгында жарык көргөн Р.Абдиевдин "Алай закымдары" (2005), К.Ашымбаевдин "Азат көчү" (2012), К.Бакиевдин "Дарыялар жайыкта кошулушат" (2001), С.Бейшембиевдин "Бөрү баатыр" (2002), Ж.Егембердиевдин "Канат хан" (2006), К.Иманалиевдин "Тагай бий" (2010), "Шабдан баатыр" (2014), Ү.Мурзапардын "Сакылар жери" (2001), Ү.Мурзапар менен Г.Абдрахмановдун "Данакер" (2015), М.Чокотегиндин "Нарбаш" (2018), К.Кушубековдун "Улуу тоого чыккан барбы" (1992-2009), Э.Отунчиевдин "Молдо Асан" (2008), "Жеңижок" (2009-2015), Т.Касымовдун "Боронбай жана Төрөтай" (2006), "Тагай бий" (2011), А.Мусабековдун "Кулукей баатыр" (2011), А.Нааматовдун "Аманат" (2009), А.Рыскуловдун "Атакенин Акболот" (2012), Ж.Токтоналиевдин "Баатыр Шабдан" (2006), "Хан Ормон" (2000-2013), "Абийир өлүмдөн бийик" (2011), А.Стамовдун "Хан Тейиш", "Суусамырдын ээси" (2010), А.Муратовдун "Сунулган баш, суурулган кылыч..." (2012), Т.Элебаевдин тарыхый роман-хроника делген "Чыгыш же чоң бийлер баяны" (2012), Т.Жолдубаевдин "Актоко" (2015), Б.Максүтовдун "Кызыл кыргын, кандуу кармаш" (2009, 2016), Т.Мейманалиев менен Б.Мейманалиевдин "Императордун тукуму" (2016, орусчасы - 2010), С.Гавайдын "Скифтин каргышы" (2006), А.Бекбалаевдин (Аммиан фон Бек) "Баламбер – хан гуннов", "Ульдин – хан гуннов", "Атилла – хан гуннов" (книги III, IV), К.Сактановдун "Искендер Зулкарнайн" (2005), "Атилла" (2011), А.Сарманбетовдун "Капсалаң доор. Карга аке" (2018), "Кызыр даарыган Кыдыр аке" (2022), "Жылдыздар жерде жанышат. Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча сулуу" (2024), Б.Табалдиевдин "Катагандын кылычы" (2012), А.Темиркуловдун "Кылыч мизиндеги доор" (2020), А.Көлбаевдин "Шыбак жыты (Бумын, Истеми кагандар)" (2018), "Алп Сол каган" (2021), Б.Бектенованын "Элчинин кылычы" (2024) жана башка да бир катар повесттер менен романдар "тарыхый" аныктамасы менен жарык көрүп, ошого жараша көркөм материал жайгаштырылган. Аман Газиевдин (В.Плоских, Ю.Бородин, В.Мокрынин) орус тилиндеги "Посольство Земарха", "Таласская битва", "Барс-Бег каган кыргызов" (2002), "Во времена караханидов", "Пулат-хан" (2010), "На берегах Яксарта" (2010), "На берегах Иссык-Куля", "Горная царица Алая", "Пржевальский буревестник" (2010) , "Долгий путь к России" (2010) аттуу тарыхый маалыматтар менен көркөм ой-толгоолорду айкалыштыруу менен жазылган тарыхый новеллалары менен повесттерин, К.Медетхан менен М.Апышевдин "Небесная империя" (2012) повестин да эске албай кетүүгө болбойт. Белгилүү тарых жана элдик каада-салт изилдөөчү Асыкбек Оморов да "Чыңгызхан" (2008), "Темирлан" (2010) аттуу чыгармаларын тарыхый роман катары жарыкка чыгарган. Бирок алар аныгында ушул эле автордун "Аттиласы" (2015) сыяктуу эле тарыхый роман эмес, өз бетинче изденүү менен жазылган илимий-популярдуу эмгектер болуп саналат. Аталган роман, повесттердин басымдуу бөлүгү кайсы бир инсандын өмүр жолун таяныч туткан тарыхый-биографиялык чыгармалар болуп эсептелет. Дүйнөлүк адабияттагы тарыхый-көркөм чыгармалардын көбү деле кайсы бир белгилүү инсандын өмүр жолуна, ишмердигине негизделип, жалпылаштыруу орчундуу орун ээлей келгени белгилүү.

 Ал эми тарых кадыресе турмуштук өңүттөн иликтөөгө алынып, социалдык-саясый, моралдык-нравалык, философиялык, элдик эстутум проблемалары козголсо да тарыхый мезгил-мейкиндик ачык көрүнүп турган жоон топ чыгармаларды жазуучулар жөн гана "роман", "повесть" аталыштары менен жарыялашкан. Аларга: М.Абакировдун "Көкөй кести" (2010), "Барымта" (2008), Р.Абдиевдин "Төпө аке" (2002), А.Койчиевдин "Мисмилдирик" (2009), А.Көлбаевдин "Жапырык" (2012), К.Сапарбаевдин "Ор" (2010), К.Иманалиевдин "Алтынкөлдүн аккуусу" (2005), Т.Жолдубаевдин "Кут-ай" (2018), О.Шакирдин "Куюн доор" (2016), С.Өмүрбаевдин "Улуу Үркүн" (2015), С.Станалиевдин "Чагылгандын көз жашы" (2001), "Жылдын эң узак күнү" (2007), Э.Турсуновдун "Балбай" (2002), "Ата Журт" (2011), "Боронбай" (2004), "Хан Теңир" (2019), Ш.Эсенгуловдун "Кожомкул" (2003), А.Карыбаевдин "Садыр аке" (2007), К.Сактановдун "Маркумдар үнү" (1991), "Алымбек датка" (2009), М.Жоошбаевдин "Тогуз кайрык" (2014), А.Муратовдун "Жылдыздар тараган таңдар" (2020), П.Дүйшөнбаевдин "Нүзүп миңбашы" (2014), "Жармазардагы акыркы кеч" (2017), Ж.Абдылдабекованын "Доорлор тогошуусу. Шабдан баатыр" (орусчасы "Тернистые вехи эпохи" (2020), И.Айтмамбетовдун "Туманга кирген көч" (2017) жана башка жоон топ роман, повесттер кирет. 

Ал эми бүтүндөй көөнө, орто кылымдардагы, андан да берки кыргыз тарыхына арналган: "Барсбек кагандын көрөр көзү" (2002), "Ак өргөөгө кут түшкөндө" (2012), "Каратүлөк чоронун эрдиги" (2004), "Күнбосун ажо" (2007), "Эр Садырдын үркөрдөй кошуну" (2015), "Куш базардан кийин" (2019), "Жалдуу Каба" (2018), "Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда" (2016) өңдүү белгилүү романдардын автору Т.Субанбеков аларды "роман-тымсал" деген жанрдык аныктама менен элге тартуу кылган. Бул адабий терминби же оозеки кептен ооп келген аныктамабы, ал кандай чечмеленет, муну билген деле киши жок. Булардан тышкары Ш.Бейшеналиев "Тайлак баатырды" даректүү роман (1998), К.Бердикеев "Тагдыр тамчыларын" (2013) роман-хроника десе, Т.Бийназаров "Тагай бий" (2003) аттуу чыгармасын санжыралуу баян, Ш.Ажыбеков "Ак-Бейитти" (2013) тарыхый-көркөм чыгарма, И.Айтмамбетов "Бет Алманды" (2024) тарыхый-даректүү роман, А.Мырзаев "Раззаков" (2006) деген чыгармасын тарыхый-документалдуу роман деп атайт. К.Өгөбай болсо "Баласагын" (2012) аттуу эмгегин көркөм-адабий басылма, "Пирпендени" (2008) жөн гана роман катары сунуш кылган. "Тарыхый баян" деп аталган чыгармалар да көп. Мунун өзү бир жагынан жазуучулар чыгармаларды жазарын жазып, алардын жанрдык табиятын биротоло аңдап-биле албай турушабы (?) деген ойго түртсө, экинчиден, адабияттын теориясына төп келген жанрдык эреже-ченемдер эми бекем сакталбай, анын бири-биринен айырмалуу белгилери белгилүү бир көркөм-эстетикалык логикага ылайык аралаша баштоосун түшүндүрөт. Жанрдык нарк-ченемдердин аралашуусу же бузулушу азыркы адабиятта жыш кездешкени менен, неси болсо да жанр деген жанр, ал адабияттын көп кылымдар өнүгүшүндө иштелип чыккан өзүнчө эле бир "формула" экендигин, кандай болгон күндө да анын негизги талаптары сакталышы керектигин кесипкөй көркөм сөз чеберлери жакшы билишет. Антпесе, чыгарма башаламан тексттердин жыйындысы болуп калары, жанр дегенибиздин өзү түпкүлүгүндө ошол чыгарманы чачкындуулуктан арылтып, ыраатка келтирүүчү көркөм-эстетикалык система экендиги да талашсыз.

Төмөндө биз сөз кылмак болгон чыгармаларга "тарыхый" деген кошумча жанрдык аныктама берилбесе да, аларда "мен мына" деп жүз ачып турган тарых бар экени талашсыз. Аларда тарых жана тарыхый инсандар линиясынын орду авторлордун көздөгөн максат-мүдөөлөрүнүн масштабы менен өлчөнүп, коюлган башка маселелердин тутумуна ылайык узунду-кыскалуу көркөм иштетүүдөн өткөрүлөт. Негизгиси, айтылгандай, кеп автор тарабынан берилген жанрдык аныктамада деле эмес. Бирок жанр дегенибиздин өзү чыгармада сүрөттөлгөн турмушту жазуучу кандай элестетип, кандай көркөм ой элегинен өткөрө тургандыгынан кабар берип, анын сюжеттик-композициялык структурасын гана айкындабастан, аны окурманга багыттоодогу ой-туюмун, көз карашын да чагылдырат. Мезгилдик-мейкиндик аттуу учу-кыйыры белгисиз түшүнүктүн курамынан анын кайсы бир бүктөмүн, кайсы бир учурун бөлүп алып (өткөн доор, бүгүнкү күндөр, эртеңкибиз), андагы коомдук кыймылдын күзгүсү болгон, кыйма-чийме адам турмушун сүрөттөп берген жазуучу аны өз дараметине жараша жандүйнөсүнөн өткөрүп, аны так ошондой абалында окурман да кабыл алуусун каалайт. Анткени окурмансыз жазуучу болбойт. Бирок ушундай эки тараптуу, бир максаттуу өз ара алаканын акыбети, албетте, ошол чыгарманын көркөм-эстетикалык нарктуулугуна тикелей көз каранды экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Эгерде жазуучу өз баянына окурманды ынандырып, кызыгуусун ойгото алса, чыгарма жаман жазылган эмес деп койсок болот. Ошол сыңары, жогоруда саналган жана балким санакка кирбей калган чыгармалардын баарынын ушул ынандыруучулук сапаты бирдей эмес. Алардын, тагыраагы, жогоруда аталган чыгармалардын арасында "тарыхый" деп аталган-аталбаганына карабай чама-чаркы чектелүү, мазмуну тайкы, образдары элдир-селдир, сюжеттик-композициялык курулушу бошоң жана башаламан, кыскасы, нагыз көркөм-адабий чыгарманын талаптарынан алыс турган, алтургай көркөм-эстетикалык наркы жарамсыз басылмалар да бир топ. Бул беш кол тең эмес дегендей эле кеп. Александр Македонский, Атилла, Чыңгызхан, Тамерлан сындуу даңкы таш жарган инсандар тууралуу айрым чыгармаларды эске албаганда, аталган роман, повесть, новелла, аңгеме дегендердин баары кыргыз тарыхына, андагы белгилүү жана кийин гана элге кеңири таанылган инсандар ишмердигине тикелей байланыштуу. Басымдуу бөлүгү эгемендик мезгилде жаралган мындай чыгармалардагы тарыхый инсандар образдарынын көркөм-эстетикалык гана эмес, социалдык-философиялык трактовкасында жалпылыктар менен бирге айырмачылыктар, алтургай бири-бирине жанаша бербей, эки ача ой жараткан учурлар кадам сайын кездешет. Барсбектен тарта элдик баяндардан улам тарых жараткан инсандар катары кабылданып калган Жаңыл Мырза, Курманбек, Шырдакбек, Эр Эшим, Долон бий, Адигине, Тагай бий, Эр Садыр (ж.б.), андан бери Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Абайылда, Жангарач, Алымбек датка, Чаа бий, Хан Тейиш, Курманжан датка, Жантай хан, Шабдан, Нүзүп, Мусулманкул, Ормон хан, Балбай, Боронбай, Кыдыр аке, Мамыр баатыр жана башкалар деп узарта берүүгө боло турган, советтик доорго чейинки белгилүү адамдардын ар бири тууралуу бир нечеден чыгармалардын жазылышы, аларда бир эле доордун жана адамдардын жашоо-тирлигинин, бир эле инсандын ар башкача сыпатталышы, мындай көркөм көрүнүштүн табияты жана себептери бизде дээрлик иликтене элек. Маселен, элдик эпостун атактуу каарманы Жаңыл Мырза тууралуу эле жазылган он бешке жакын чыгармалардагы (драмалар, поэмалар, романдар ж.б.) айырмачылыктар жана окшоштуктар, алардагы автордук концепциялардын тек-жайы тууралуу ооз толтуруп айткыдай сөз боло элек. Тагай бий, Ормон хан, Балбай, Курманжан датка, Атаке баатыр, Шабдан баатыр сындуу бир катар инсандар тууралуу деле ушуну айтууга болот. Бирок кандай болсо да, элге аттын кашкасындай таанымал мындай адамдардын бир канчалаган көркөм-тарыхый иликтөөлөргө объект болуп түшүшү эч кандай каршылык жаратпай, тескерисинче, коомдук кызыкчылыкты күчөтсө, кайсы бир чакан аймакка гана маалым болгон тыңчыкма инсандардын өмүрүн, иштерин көбүртүп-жабырткан "тарыхый" чыгармалар да жетиштүү. Алардын көбү көркөм-эстетикалык чабалдыгынан улам адабиятчы-сынчылардын көңүл буруусуна арзыбай турса, талапка жооп берген, мыкты бир даар чыгармалар объективдүү себептердин айынан анализге алынбай келет (адабий гезит-журналдардын жоктугу, профессионал-сынчылардын эмгегине болгон муктаждыктын төмөндөшү, соцтармактардагы оңду-солду жана "кол ийрисине тартат" пикирлердин үстөмдүгү ж.б.). Булар эми өзүнчө узак сөздү талап эткен чоң маселе. Ошондуктан, бизге да кезеги келгенче улуттук прозадагы накта кыргыз тарыхын коё туруп, дүйнөлүк тарыхта өйдө-төмөн баа-ченемдердин объектиси боло келген, кыргыздарга тикелей да, кыйыр да тийешеси бар "Чыңгызхан" темасындагы чыгармалардагы көп кырдуу жана татаал жоон топ проблемалар тууралуу азыноолак кеп кылардан мурда аларга сиңирилген автордук көз караш-концепция аттуу түйүндүү маселеге бир назар сала кетүү орундуу болуп турат.


(Уландысы бар)

Курманбек Абакиров, профессор  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер