Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды

16-ноябрь, 18:26
1 423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Мен 28-ноябрда жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм» деп белгиледи бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Анын айтымында, бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийлигинин ортосундагы эффективдүү диалогдун механизми катары антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу демилгесин коомчулук, бизнес чөйрөсү, инвесторлор, илим жана билим берүү мекемелери жапырт колдоого алышты. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге, бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-ар акеттерди координация кылуусу жана алардын бирин-бири кайталоосу жоюлуу алдында турат.

Президент өлкө жаңылануу жолунда тез ыргак менен кетип жатканын баса белгиледи. Чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды.

Мындан сырткары, мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүп, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар оңдолууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер