Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камакка алынган аттуу-баштуулардан кабарыңыз барбы?

Камакка алынган аттуу-баштуулардан кабарыңыз барбы?

12-декабрь, 09:00
1 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин камакка алынгандардын арасында саясатчылар, журналисттер, активисттер бар. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаеванын жана Таалайбек Мадеминовдун жубайы Сайкал Садированын сөзүн угуп көрдүк.

Бермет Исаева: “Бизге атам менен жолукканга уруксат бербей жатышат”

-- Бермет кызым, атаңыз Канат Исаевге кандай айып тагылды жана ал канчалык мыйзамдуу?

-- Атам “массалык башаламандык уюштурууга аракет көрүүдө” деп шектелип, 2017-жылы президенттик шайлоого 10 күн калганда кармалган, 10 ай УКМКнын СИЗОсунда отуруп, 2018-жылы 18-июлда үй камагына чыккан, атама каршы козголгон иш токтотулган, бирок быйыл 23-октябрда кайра баш коргоо чарасын өзгөртүп, камап коюшту.

-- Атаң менен байланышып атасыңбы? Ден соолугу, акыбалы кандай?

-- Тилекке каршы, бизге атам менен жолукканга уруксат бербей жатышат. Жактоочусу гана кире алат экен. Ден соолугу, маанайы жакшы! Кудай буюрса, жакында чыгат деп үмүттөнүп жатабыз.

-- Атаңды кандай жагдайда алып кетти, жактоочусу эмне деп атат?

-- Атам УКМКга суракка өзү барган, ошол жерден алып калышты. Атам эч жакка качкан эмес. Ошондуктан эмне себептен баш коргоо чарасын өзгөртүп коюшканы бизге түшүнүксүз.

Сайкал Садирова: “Жолдошум Таалай Кемпир-Абад боюнча негизсиз камакта отурат”

-- Сайкал карындашым, жолдошуңуз боюнча эмне айта аласыз?

-- Менин жолдошум Таалай да башка активисттердей эле Кемпир-Абад маселеси боюнча бир жарым айдан бери негизсиз камакта жатат. Ал “эртеңки келечек муундарга жер, сууларыбызды бүтүн боюнча өткөзөлү, кийинки урпактарга жүзүбүз жарык болсун!" деген, өз мекенин сүйгөн, патриот адамдардын бири. “Жерибизди, суубузду коргойм” деп чыккан адам кантип кылмышкер болсун?! “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу” дейбиз. Баарын бир күндө камап, адам укуктары көз көрүнөө тебеленүүдө. Анан бизде кайдагы сөз эркиндиги?! “Кемпир-Абад” деп сүйлөгөн адамды эле “бийликти басып алат” деп жок эле  оор күнөөлөрдү коюп жатышат! Бизде акыйкаттык орнойбу? Качан адилеттүү соттор келет? Кудай баарын көрүп турат, өзү таразалайт! Биз эми соттун акыйкат чечимин эле күтүп отурабыз! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер