Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Биздин өлкөнүн бизнес потенциалы кенен, баары мамлекеттин колунда...”

Аскар Сыдыков: “Биздин өлкөнүн бизнес потенциалы кенен, баары мамлекеттин колунда...”

17-декабрь, 11:36
3 810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Узап бара жаткан жылыбыз кандай өттү? Инвестициялык климатты өзгөртүүгө, жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

 -- Биринчиден, ишкерлерге саясый туруктуулук керек. Андыктан, бул жылы мыйзам чыгаруу жагынан, башка экономикалык саясат жагынан көп демилгелер, жаңылыктар болду. Алардын ичинде кызуу талкуу, талаш-тартыш жараткан демилгелер да орун алды. Ошондуктан инвестор ишкерлерге кандайдыр бир туруксуз абал жаратты. Мындан ары туруктуулукка чакырат элек. Биз XXI кылымдын рынок экономикасына шайкеш болуп, ошонун принциптери менен кетишибиз керек. Ошого ылайыктуу шарттарды түзүшүбүз абзел. Жеке менчикти коргоп, эффективдүү, ачык-айкын иштеген мамлекеттик институттарды түзүп, бюрократиясыз эрежелерди жазып, алардын иштөөсүн камсыздап берсек, ошондо көп жакшы ийгиликтерге жетишсек болот. Биздин өлкө чакан, инвестиция, бизнес потенциалы кенен, элибиз жөндөмдүү, ушуну туура пайдалануу мамлекеттин колунда. Себеби мыйзамды жазган, анын иштөөсүн камсыздаган, талаш-тартыштарды жөнгө салган дагы бул – мамлекет. Натыйжада, биз колдон келишинче айтып, сунуштарыбызды берип жүрөбүз. “Экономика иштесин, өнүксүн, өссүн” деген ураандабыз. 

Жогоруда мен белгилеген талаш-тартыш же күмөн жараткан демилгелер, инвентаризация мыйзамдардын каралып чыгышы, ошол эле экономикада өзгөчө кырдаалды киргизүүчү мыйзам, жаңы Салык кодексинин долбоору ж.б. ушул сыяктуу демилгелер байма-бай     чыгарылган. Кээ бирлери кабыл алынган. Ошонун баарына биз кылдаттык менен мамиле кылалы. “Ашыккан жеңбейт, машыккан жеңет” дегендей, шашпай баарын ойлонуп, ишкерлер менен акылдашып, иш кылышыбыз шарт. Андан тышкары, канчалаган шайлоолор болуп өттү, бир эле жылы ушунча шайлоо өткөнү тарыхта болбосо керек. Бул дагы кандайдыр бир экономикага таасирин тийгизди. Өкмөт, министрлер алмашты. Ошондуктан мунун баары экономикага терс таасирин тийгизбей койгон жок. Жакшы жагы, 11 айдын жыйынтыгында экономика 2,4%га өсүптүр. Жылдын аягында дагы өсөт, үмүттөрүбүз бар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер