Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс Ибраев: “Ысырапкерчилик динде дагы туура эмес көрүнүш”

Марс Ибраев: “Ысырапкерчилик динде дагы туура эмес көрүнүш”

29-июль, 19:13
2 176 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ысырапкерчиликке тыюу салган мыйзам киргизилип жатпайбы. Дин тарабынан бул кандай көрсөтүлгөн?

-- Ысырапкерчилик динде дагы туура эмес көрүнүш. Анткени, анда береке болбойт. Эгер инсан муну аң-сезими менен түшүнүп, ага жол бербесе жакшы болмок. Эгер ысырапкерчиликке жол берилип атса, анда ага кайсы бир деңгээлде мыйзамдар менен бөгөт коюуга негиз бар. Бул мыйзамды колдойм. Бирок аны ишке ашыруу механизмдерин жакшы эсепке алыш керек да.

-- Мыйзамда көрсөтүлүп жаткан айып пулдар тууралуу айтып жатасыз да ээ? Демек, той-аштарда көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен учурда жең ичинен сүйлөшүп алуу ыктымалдуулугу бар экен да?

-- Ооба, колунда барлар чоң-чоң тойлорду өткөрүп, штраф менен кутулуп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн буга аткаруу бийлигинин көзөмөлү чоң ролду ойнойт. 

-- “Өлүм-житимге союла турган малга чектөөнү туура көрүп, бирок той-топурларга союлчу малды жөн коюш керек дегендер болууда. Ага тойдун эсебинен экономикага салым кошулуп жатат деген жүйө келтирилип атпайбы. Буга кандай дейсиз?

-- Тойлордо ар тараптан кызмат көрсөткөндөр көп. Бирок, ошол эле кезде өтө эле ысырапкерчиликке, чыгымдарга жол берилип жатпайбы. Ошондуктан, чек, тартип сөзсүз керек. Антпесе бири-бирине атаандашып отуруп, тойдо 1000 кишиге чейин чакыргандар болуп атпайбы. Ал эми алыш-бериштин айынан эл ичинде ынтымак, биримдик, бир туугандык (!) деген сезимдер жок болуп баратат. Демек, бир эле тамак-ашка ысырап эмес, бири-бирибизге болгон мамиле жагын да эске алыш керек.

-- Өлүм болгон жерде кээ бирлери таптакыр эле мал союудан баш тартып атса, айрымдар колунда жок болсо да аргасыздан, эл көзүнө чоң мал сойгон учурлар кездешет. Динде бул жагы кандай көрсөтүлгөн?

-- Динибизде “көзү өткөн адамдын үйүнөн үч күн түтүн булатылбасын, аза күтүп, күйүтү менен отурат деген нерсе бар. Андай кезде коңшу-колоңу келген адамдарды тамактандырып турат эмеспи. Бул туура эле көрүнүш. Ал эми үч күндөн кийин өтүп кеткен адамдын жакындары соопчулук үчүн мал союп, элден бата алат. Ага шарият жол берет. Бирок, анда дагы кошумча адат-салттарды киргизип салып атышат. Андайга бөгөт коюлушу керек. Ал эми таптакыр жокко чыгаруу же ашыкча адаттарга жол берүү туура эмес.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер