Расул Умбеталиев, эксперт: “Кышта электр энергиясынын тартыштыгы 4,6 миллиард кВт/сааттан ашышы мүмкүн”


-- Расул мырза, алдыдагы кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясынын абалы кооптуу болчудай...
-- Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-майында кабыл алган токтомуна ылайык, 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде өлкөгө жалпы 18 миллиард 331 миллион 672 миң кВт/сат электр энергиясы талап кылынат. Бирок өткөн жылы ГЭСтерде 13 миллиард 535,8 миллион кВт/саат, Бишкек ЖЭБинде 920 миллион кВт/саат гана өндүрүлгөн.
-- Быйыл өндүрүштүн көлөмү өзгөрөбү?
-- Ооба, быйыл ГЭСтерде 12 миллиард 818,8 миллион кВт/саат өндүрүү пландалууда. Бул былтыркыдан 717,5 миллион кВт/саатка аз дегенди билдирет. Энергетика министри Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли өтө төмөн экенин эскерткен. Демек, электр энергиясын өндүрүү мындан ары да азайып, тартыштык өсөт.
-- Дефициттин болжолдуу көлөмү канча болушу мүмкүн?
– Менин эсептөөм боюнча, алдыдагы кышта электр энергиясынын тартыштыгы 4-5 миллиард кВт/саатка жетиши ыктымал.
-- Өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылуудабы?
– Негизинен, энергетиктер импортко үмүт артып жатышат. Бирок, кыштын суук айларында Өзбекстан жана Казакстан аркылуу транзитте техникалык көйгөйлөр жаралышы толук мүмкүн. Кышында биздин коңшу мамлекеттердин өздөрүндө да энергетикалык көйгөйлөр чыгат.
-- Мындай шартта президенттин жарлыгы аткарылабы?
– Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал документте элди жана экономика субъектилерин үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу талабы бар. Бирок чыныгы абалды эске алганда, бул милдетти аткаруу кыйын болуп калышы мүмкүн.
-- Азыртан кандай белгилер байкалууда?
-- Бишкектин айланасындагы конуштарда жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлүп жатканы боюнча даттануулар түшө баштады. Бул алдыдагы кыштын оор болорунун биринчи сигналы.
"Азия Ньюс" гезити











