Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков, профессор: “Садыр Жапаровдун аты алтын тамгалар менен жазылып калат”

Жолборс Жоробеков, профессор: “Садыр Жапаровдун аты алтын тамгалар менен жазылып калат”

25-июль, 09:00
619 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолборс аке, кырдаал ушундай тездик менен өзгөрүп жатат. Жакынкы Кытай, Өзбекстан, Казакстанда түрдүү деңгээлдеги долбоорлор, пландар ишке ашырылууда. Орус-украин согушунун баш-аягы жок, дагы канча уланарын эч ким билбейт. Бизде жакында эле президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө жаңы шаардын долбоорунун бетачарын жасады. Бул долбоорду кубаттагандар да, өкүртө сындагандар дагы теңме-тең болушуп, азыркыга чейин жиликтеп бүтө албай турган кездери. Ушул боюнча сиздин оюңуз кандай?

-- Мен эми курулушчу же экономист да эмесмин, жөнжай саясатка саресеп салган, саясатты изилдеп жүргөн адаммын. Ошондуктан бул сурооңо менин жообум саясый аңыздан болот. Кыргыздар биз жөнжай сүйлөшкөндө тарыхыбыз эки миң жыл эмес төрт же алты миң жылдан баштап, гунндар, Аттила, Македонскийлер кыргыз болуп чыга келет. Океан сындуу Манасыбыз бар, дүйнөгө атыбызды чыгарган Чыңгыз Айтматовубуз бар деп көкүрөк көтөрөбүз. Бирок, акырын абайлап казар оодарып көргүлөчү, биз кайсы жерге шаар түптөп, түтүн булатып отурганбыз? Жок эч жерде. Болбосо археологдор тапкан кайсы бир шаар, же болбосо бул эле Бурананы кыргыздар түптөгөн деп айта алабызбы? Жок. Ал эми азыркы биздин шаарлардын жок эле дегенде бирөөсүн эле айткылачы “кыргыздар түптөгөн” деп, ал да жок. Ал эле эмес чоң айылдарды да орустар отурукташып негиздешпедиби беле? Бирок биздин элдин көчмөн духу, руху ал өзүнчө феномен, бүгүн бул жерде, эртең башка жерде... Ушул жагынан алып караганда, долбоорлонуп жаткан Асман шаары – бул азыркы заманбап технологияга негизделген, илим-билимдин акыркы жетишкендиктерине таянган, экологиянын бардык талаптарына жооп берген уникалдуу курулуш катары атасак болот. Мен алыскы тарыхты айтпай эле жакынкы эле биз билген Вашингтон, Петроград, Астана (Нурсултан) жеке адамдардын аты менен байланышканын эле эске салгым келет. Себеби, биз билген ушул шаарлар аттарын алып жүргөн адамдардын темирдей эрки менен курулган. Бул да жөндөн жөн эле боло бербейт. Мисалы, Астана шаары жөнүндө мен так билген төмөндөгүдөй факт бар. 

Убагында союзга таанымал Мукаш Байгалиевич Татимов деген казактын белгилүү демографы болгон. Ал Нурсултан Назарбаев менен чогуу бир мектепте окуган. Ошол окумуштуу өткөн кылымдын 80-жылдары эле Алма-Атаны (борборду) жылдыруу маселесин дайыма ММКларда, илимий макалаларында айтып-жазып келди. Эгемендик алгандан кийин бул идеяны Назарбаевге бир нече жолу жазып да киргизет. Назарбаев КазМУга келгенде Татимовду көрүп калып, “Ой Мукаш, не деп калжаңдап жүрсүң? Не, Алма-Ата сага жакпайбы?” деп жемелеген жери да бар. Андан кийин Татимов дагы бир жолу жазып киргизет. Ошондон бир топтон кийин Назарбаев классташы Татимовду үйүнө чакырып, 3-4 саат аңгемелешип, жаңы шаар курууга бет алат. Мунун Татимовдун өз оозунан жана КазМУнун профессорлорунан уккам. Кийин Астананын он жылдыгына карата Назарбаев өзү жазган эмгегинде классташы-досу Татимовдун идеясы жөнүндө бир ооз сөз айтпайт. Бул идеяны үй-бүлөсү, аппараты, парламент да колдобогонун, бирок ошого карабастан көшөкөрлөнүп өзү жалгыз көчүп келип баштаганын жазат. Туура, идеялар көп, бирок аны ишке ашырган гана адамдын аты калат. Бизде мындай макал да бар эмеспи “Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” деген. Айрымдар айтышы мүмкүн “жогорудагы үч шаар саясый борбор болгон” деп. Айырмасы жок, саясый борбор болобу, же бүгүнкү күндүн талабына жооп берген заманбап шаар болобу, негизгиси, аны ишке ашырган адамдын аты тарыхта калат. Ошондой эле Асман шаарын куруу, инвесторлордун эсебинен бүтүрүү идеясы президент Жапаровдун өзүнөн чыктыбы же башкаданбы – мааниси жок. Эгерде бул ишке ашып кетсе, Садыр Жапаровдун аты Кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Асман шаары – кыргыздар курган алгачкы шаар болот. Айрымдар айтышы мүмкүн, “бул шаарды деле кыргыздар эмес түрктөр, арабдар ж.б. курат экен” деп. Эң сонун! Негизгиси, анын ээси, кожоюну, буюртма берген биз – кыргыздарбыз да! Алар шаарды куруп, эмне, көтөрүп кетмек беле? Бизде, көгүлтүр көлдүн жээгинде калат да.

-- Ал жагы андай болду, экология жагын да камтый кетсеңиз? 

-- Азыр дүйнө боюнча экологиялык маселелер биринчи орунга чыгууда. Ошондуктан мындай мегадолбоордо ал маселе ийне-жибине чейин каралат деп ишенем. Биз өзүбүз, кыргыздар көлүбүздү көздүн карегиндей сакташыбыз керек, анан коноктордон талап кылсак болот. Бизди көрүп коноктор көлдү биздей сыйлап, биздей мамиле кылганга мажбур болушу керек. Өзүбүз барктап сыйлабасак, башкалар барктайбы?

-- Эми акыркы саясаттан дагы бир шиңгил...

-- Эми саясатта бардыгы өзүбүздөн, өзүбүздүн ички биримдигибиз, ички ынтымагыбыз баардык сферага таасирин тийгизет. Ырылдашып отурсак, ички саясатыбызда тынчтык, бейпилдик болбосо, кайдагы тышкы саясат, кайдагы инвестор, кайдагы экономика?..

-- Ырылдашпай жашаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

-- Менин оюмча, биздин коомдо стабилдүүлүктү сактоодо Садыр Нургожоевич болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Бардык күчтөр менен тил табышып (оппозициябы же пропозициябы), “булар биз менен, тигилер душмандар” деген принцип болбош керек. Жетекчи ар кандай катмардагы адамдардан көп маалымат алгандыктан, жөнөкөй адамдарга караганда жалпы мамлекеттин маселелеринде кененирээк да, алысыраак дагы көрөт. Мына ошонун бири – Асман шаарын түптөө деп билем. Жөнжай адамдар айтышы мүмкүн, “мунун эмне кереги бар? Андан көрө мындай же тигиндей эле кылса болбойбу?”, же “пенсиямды, айлыгымды көтөрбөйбү” деп. Ал эми ошол көйгөйлөр ушундай долбоорлордун негизинде ишке ашарын көбүбүз ойлоп да койбойбуз. Бирок, бир нерсени баса белгилеп койгум келет. Биздин эл бардыгына чыдап, бардыгын көтөрө билет. Бир гана адилетсиздикти, көз боёмочулукту, элди алдаганды кечирбейт.

-- Эми капталдан бир суроо берейин, сиз мурда бизге “парламенттик республика эле жакшы, ал биздин менталитетке да жакын, маселени жамаатташып чечет” деп айтып да, жазып да жүрбөдүңүз беле?..

-- Чын-чынында “мына бул мамлекет парламенттик, же президенттик, болбосо диктатуралык, ошондуктан гана өсүп-өнүгүп гүлдөп жатат” деген мисал жок. Парламенттикте деле, президенттикте деле, диктатура, монархияда да өсүп-өнүгүп жаткан мамлекеттер бар. Ар кимиси өз жолу менен. Бир жагынан азыр деле парламенттик формага жан тартам, экинчи жагынан азыркы ушундай кыйчалыш заманда бийликти бир колго топтоп, бир адам жакшы-жаманын керт башына алып, элибиздин турмуш-тиричилиги оңолсо деген эле ой. Айылдагы Мамажан деген агама же Тешебай деген үкөмө мамлекеттик башкаруу формасы кандай болгону кызык эмес. Ага маңдай тер менен өндүргөн (пахта, жашылча-жемиш, буурчак, кызылча, эт-сүт ж.б.у.с.) продукциясын ошол маңдай тери акталгандай баада сатып өткөрүү кызык, ошонун үзүрүн көрүү маанилүү. Айталы, аны өндүрөм деп 100 миң сом сарптаса, бел чечпей жай саратан иштесе, аягында анысын 150 миң сомго сатса, каяктагы пайда? Эгерде андан жок эле дегенде 400 миң же жарым миллион сом тапса, бул башка кеп. Ал өкмөттөн ушуну күтөт. А өлкө парламенттикпи же президенттикпи ага баары бир. Ошондуктан экономикабыз, турмуш-тиричилигибиз оңолсо, ага чейин элибиздин да шайлоо маданияты калыптанса, ал деле алыс эмес.

-- Эми өзүңүздүн жакынкы пландар кандай?

-- Өткөндө айтсам керек эле, буюрса, быйыл сентябрь айында эжең экөөбүздүн бирибизге-бирибиз “чыдап” (ал киши да профессор эмеспи) жашап келе жатканыбызга 50 жыл болот. Мага 75 жаш, ошого карата “Кыргыз саясаты кечээ, бүгүн, эртең” деген монографиямды бүттүм. Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгына карата бир китепче жаздым эле, аны басмага бердим. Эми буюрса, Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата көпчүлүккө анча белгилүү боло бербеген өзүбүздөн Омор Султанов, Американын ошол кездеги мамкатчысы Дж.Бейкер, М.Горбачев, рынокко биринчилерден болуп киришкен А.Собчак, Г.Попов, Ю.Лужков, Элчибейге окшогон адамдар менен болгон сүйлөшүүлөрдү ж.б. материалдарды топтоп, кичинекей материал жазып жатам. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер