Акыркы кабарлар
» Саясат » Президент командасын эртелеп аныктап албаса кыйын болчудай…
Президент командасын эртелеп аныктап албаса кыйын болчудай…
05-февраль, 20:00


Коомчулуктагы кандайдыр бир кырдаалга, же бүйүр кызыткан талаш-тартыштар жаралса, президент Садыр Жапаров пост жазып, тездик менен реакция кылганын көрүп келебиз. Маалыматтык күрөштө тийешелүү жетекчилер милдеттерин аткара албай калышкандай сезилет. Министрлер кабинети эмне кылып отурат? Президенттин бакандай администрациясычы? Саналуу гана жетекчилер иштеп аткандай... Айтор, бул жааттан кадр саясатын сыдыргыга салгандай анализдеп, эртелей аныктап албаса, Садыр Жапаровдун өзүнө эле кыйынчылык жаралып атканын көрүп атабыз. Анан калса саясый рейтинги да былтыркыга салыштырмалуу түштү. Биз болгону коңгуроо кагып коёлу.
"Азия Ньюс" гезити











