Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозайым Нарматова: “Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам”

Орозайым Нарматова: “Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам”

26-январь, 11:45
1 713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орозайым Нарматова акыркы планы тууралуу айтып, Фейсбук баракчасына бөлүштү.

“Урматтуу достор! Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин сотко берип, доолашпаганымдын бирден-бир себеби да ушул эле, анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис. Мен келерки беш жылда Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем. Ал эми менин "соттошпойм" деген чечимимден улам, фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп, "баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек" деп бүгүн тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты. Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага "эми эмне менен алек болосуң?" деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок ар дайым эфирде болом буюрса. Айгүл эжекеме ийгилик каалайм! Буюрса биздин партия мыйзамдын диктатурасы кандай болорун трибунада көрсөтөт”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер