Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Сүйүнбек Касмамбетов – келечекке кам көргөн мамлекеттик ишмер”

Сабыр Муканбетов: “Сүйүнбек Касмамбетов – келечекке кам көргөн мамлекеттик ишмер”

04-ноябрь, 12:10
443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке, салам! 28-ноябрда өтө турган шайлоо чукулдап, үгүт иштери башталып, талапкерлер жолугушууларды өткөрүп, атаандаштар алышып,  иш кызып баратпайбы. Ушу тууралуу кеп салалы...

-- Рахмат Суке. Туура айтасың, бул тема боюнча ой жүгүртүп, көргөн-билгенибизди коомчулук менен бөлүшүп, жалпылап акыл калчай турган мезгил. Эл, жалпы баарыбыз жоопкерчиликти сезишибиз керек болуп жатат. Анда баштай бер Суке, кайсы жагынан кабатырланып жатасың?

-- Эки-үч суроо... Өз-өзүнчө берейин. Биринчиден, “шайлоо таза, калыс өтпөйт, админресурс колдонулат, колдонулбайт” деген сөздөр боюнча кандай ойдосуң?

-- Эми шайлоочулар ушундай экен да, “бийлик өмүр бою админресурсту колдонуп, бийликчил партияларды түптөп, колдоп, өткөзүп келген, анан кантип эле бир заматта көнгөн адатын унутуп калсын? Админресурсту баары бир колдонот болуш керек” деп эле ишене албай жатат.

Садыр Жапаровдун “таза шайлоо өткөзөбүз, бийликтин партиясы жок, биз эч кимди колдобойбуз, ким “бийликтин партиясыбыз” десе, аларга добуш бербей, башкаларга добушуңарды берип салгыла” деген сөзүнө ишенгибиз келбесе да, президенттин бул билдирүүсү кырдаалды кескин өзгөртүп салганын танууга болбойт да. Мурдагы шайлоодогулар болуп, аким, министр, ж.б. мамлекеттик кызматкерлер да короктомок тургай, тымызын да аракеттенүүдөн коркуп калышты. Андай аракеттер билинсе жазаланары айтылды. Атаандаштар аудио, видео фактылар менен бири-бирин көзөмөлдөшүп, БШКга арыз жазганга даяр турушат. Андыктан, мурдагы шайлоолорго караганда, албетте, “шарттар кескин өзгөрдү” деп ишенимдүү айта алабыз. Бирок эми жанагыдай ишенбеген скептиктер да бар, болбой эле “билдирбей админресурсту тымызын колдонобуз, жолун табабыз” деп аракет кылып жаткандар да бар, жок эмес. “Бийликтин күчүн колдоном” дегенден башка, “билдирбей акча таратам, баары бир сатып алам” дегендер да аракетте. Бул эми 30 жылда өтүшүп кеткен жалпы коомдун өнөкөт оорусу болуп калды да. Анан андайларды токтотуу (айыктыруу) жалгыз Садыр Жапаровдун колунан келбейт да, жалпылап колдон-буттан алышыбыз керек. Адилеттүү мамлекет, өнүп-өсүү баарыбызга керек!  

-- ЖМКларда “шайлоо тынч өтпөйт, шайлоо болбойт, былтыркы октябрдагыдай тополоңго айланып, жокко чыгарылат” деген жүрөк өйүткөн маалыматтар да чыгып кетти. Ушу боюнча кандай ойдосуң?

-- Ооба, ошондой прогноз берген макалаларды мен да окуп калдым. Таасирдүү, көбүнесе чет жактык аналитиктер айтып, ички маалымат булактарында кайталанды. “Садыр Жапаров аныгында Сооронбай Жээнбековдой чечкинсиз эмес, шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталса, дароо жокко чыгарат” дешип президентти шыктандырымыш да болуп жатышат. 

Бул биздин өлкөгө жакшылык каалабаган, ниети бузуктардын тилеги. Эки ирет шайлоо өткөрө албай калсак, “ой, булар эл, улут катары мамлекет түптөгөнгө калыптана элек, малча эле жайылып кетчү немелер экен” деп коңшуларыбыз, стратегиялык өнөктөштөрүбүз кыйкырып чыгышат. Шайлоонун кайра өтпөй калышы жакшы болбойт. Бул эгемендигибизге шек жаратат, эгемендигибизден ажыраганга карата кадам болот. Ошондуктан, кандай да болсо, бу сапар уюшкандыкта шайлоону тынч өткөрүп алышыбыз керек.

-- “Ала кушту атынан ата” дейт эмеспи, ачык эле айтсаң, кайсы өнөктөштөр?

-- Биздин элибиздин адилеттүүлүк, акыйкаттык, чындык үчүн кайра-кайра көтөрүлүп, элге жексур болгон бийликтерди төңкөрүп жатышы коңшуларга жагып атат дейсиңби? Казак, өзбек, орус, тажик, түркмөн ж.б. КМШ алкагындагы мамлекеттердин көбүндө авторитардык режим, адамдар басмырланып, укуктары тепселенип, эли нааразы болуп, бийлигине ызырынып, төңкөрсөк (!) деп колунан келбей, акыйкат көксөп турушат. Эли кыргыздарга суктанып, бийлиги “дурной пример жугат” деп калтырап, жек көрүп турат. Анан биз шайлоо өткөрө албай, мамлекеттүүлүгүбүздү сактай албай, малча таркап кетсек кандай болот? “Мына көрдүңөрбү, революциянын пайдасын, мамлекеттүүлүгүнөн ажырашты, бизге да ушу керекпи?” деп элин көзгө сайып, авторитардык режимдерин бекемдеп, “жардам берели жетимдерге” демиш болуп, түштүк жакка өзбек, тажик, түндүк жакка орус, казак, нарын жакка кытай тебелеп-тепсеп кирсе жакшыбы? АКШ менен Батыш деле Россия менен Кытайдын ортосуна шынаа кагууга кызыкдар. Алар деле Орто Азияда туруксуздук орношун көксөп, аракетин токтотпой, Сирия, Афганистандай түтөткүлөрү келет. А бизге тынчтык, туруктуулук аба менен суудай керек. Антпесе, аз элбиз, жок болуп кетебиз эй! Ошондуктан, анын бетин ары кылсын, бу сапар тополоңу жок, тынч шайлоо өткөрүп алышыбыз керек. Жалпы эл кайдыгер болбой, жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек!

-- Эми жаңы система, шайлоого аттанган партиялар, талапкерлер тууралуу кандай ойдосуң?

-- Биздин элибиз “президенттик өлкө болобуз” деп чечти. Ошого байланыштуу мыйзамдар шайкештирилип жатат. Азыркы шайлоо системасында алешемдиктер көп. Бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт, кеп анда эмес. Мага деле жакпайт. Оюма койсо түп-тамырынан өзгөртмөкмүн. Бирок бул Шайлоо кодекси расмий кабыл алынган. Ушу боюнча шайлоо өтүп атат. Менин оюма койсо, бу кодекске бир эле өзгөртүү киргизмекмин, партиялык тизменин башындагы лидерден кийинки талапкерлердин тизмесин алфавит боюнча жазып коюшса туура болмок. 

Шайлоо тууралуу айтсам, мен чынында быйыл өтө пассивдүүмүн, постковидный синдром, кичине жел болсо эле чүчкүрүп-бышкырып, көбүнчө самоизоляциядамын. Анүстүнө быйыл 63кө, пайгамбар жашына келип, өзүмчө эле аябай токтолуп... Токтолоюн деп үйдөн көп чыкпай, тияк-быякка көп баспай, өзүмчө эле каадаланып, кээде окшошуп, кээде окшошпой... Эмки жылы чыгасың да сен, ошондо билесиң... (каткырдык).

Эми ошентсе да, айтор, катышам деген партиялар, талапкерлер негизинен баары эле катталды, атайылап каттабай коюу, бут тосуу, чийип салуу боюнча илгеркидей чыр-чатак, басым байкалган жок. Талапкерлер тууралуу айтсам, “эскилер кайра келатат” деген менен, карай келгенде жаңылануу, айрыкча жаштардын көбөйгөнү байкалат. Эми кимди шайлайт – эл өзү тандап алсын. Кандай болгонун шайлоо бүткөндө айтабыз да Суке!

-- Өткөн жумада ЖМКларга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун макаласы жарык көрдү. Мамлекеттик идеология тууралуу айткан сөздөрүнөн либерал-демократиялык идеяны сынга алганын, советтик өткөн доор тууралуу ностальгиясы бар экенин баса белгилеп, сөз каткандар, карама-каршылыкка алгандар болду. Мамкатчынын ойлору сага кандай таасир калтырды?

-- “Либерал-демократиялык идея элибиздин руханий дүйнөсүнө тамырлай алган жок” дегендей мааниде айткан сөзүн мен идеяны сындоо катары кабылдаган жокмун. Ал “идея жаман” деген жок да. Бирок идеянын бизге сиңбегени да факт. Ал идея бизге начарлыгынан, же жамандыгынан сиңген жокпу (?), балким биздин коомдун бышып жетиле электигинен, сиңирүү жөндөмүбүздүн төмөндүгүнөн улам сиңбегендир? Негизи эле ушу учурда адамзат улуу идеялардын баарын кайра карап, талдап, жаңыча баалап, ылгап жатат. 

Байлыкка, жеке менчикке кызмат кылып, алгырлары менен тыңдары баарын басып, алсыздарын карабай таштаган идеологиялар баркын жоготуп, алсыздарына көңүл бөлгөн, боорукерликти карманган, социалдык багыттагы идеялар алдыга чыгып баштаганы “Валдай” форумунун катышуучулары тарабынан талкууланып, Владимир Путиндин ушул багыттагы терең ой жүгүртүүлөрү ынаным жаратты.

“Карысы бардын ырысы бар” деген ата-бабалар картайгандарын интернаттарга айдаган эмес, жетим-жесири багуусуз калган эмес. Советтик доордун да кары-картаң, жетим-жесирге болгон мамилеси байыркы кыргыздардыкына шайкеш болгону үчүн көпчүлүк тарабынан эскерилип, айтылып келе жатат. 

Мен Сүйүнбек Касмамбетовдун бул айткандарын туура эле түшүндүм. Биздин мамлекет ушундай социалдык теңдикти, боорукерликти, бир тууганчылыкты алдыңкы катарга койгон өлкө болсо, анда бизде биримдик да, ынтымак да, өнүгүү да болот. Бүт дүйнө суктанган эл болобуз. Салмактуу, жаман-жакшыны ылгап, терең ойлонулуп, коомду бириктирүүчү максаттарды туура аныктап, бышып жетилип, элим-жерим дегендин баркын билген, келечекке кам көргөн мамлекеттик ишмердин билдирүүсү болуптур. Ооба, Сүйүнбек Касмамбетов түпкүлүгүндө акылман инсан...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер