УКМК упай алып, премьер Абылгазиевдин аброюна шек кетти
Өлкөдө инвестициялык климаттын бузулганы, экономикалык-социалдык көйгөйлөр чегине жеткени аз келгенсип, жаңы жылдан тарта ЕАЭБдин эрежесине ылайык, 160 түрдүү товардын кымбатташы күтүлүүдө. Ансыз да жумушсуздук, бюджеттин тартыштыгы кыстап аткан учурда мындай каатчылыктын келатканы коркунуч жаратууда.
Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин алысты көрө албаганынан, ишинин жыйынтыгы болбогонунан улам туташ кризиске кептелгени турабыз. “Эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени” дейт. Башкасы аз келгенсип, эми ал “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча УКМКга суракка чакырылары маалымдалды. Саясый, моралдык жактан Абылгазиевдин суракта жүрүшү аброюна катуу сокку урулат. Эл астында кыйраткан эмгеги болбой атса, бир жагынан кылмыш ишине күбө катары тергөөдө жүрсө, кайдагы жаркын келечекти сөз кылмак элек?.. Натыйжада, УКМК мыйзамдын үстөмдүгүн тастыктап, тергөөдө калыс позицияны карманууга өткөнүбү? Кайсы жагынан ой жүгүртпөйлү, бу саам УКМК упай алып, системада өзгөрүүлөр башталганын көрсөтүп аткандай...
Aryba.kg