Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курма кайсы ооруларга даба?

Курма кайсы ооруларга даба?

15-ноябрь, 17:40
1 894 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыш мезгилинде сатыктан бул жемиштин ар кыл формага жана даамга ээ болгон сортторун табууга болот. Мындан улам биз бул жолу жакшы азык экенинен тышкары курма кандай пайдалуу сапаттарга ээ экенине токтолдук.

Курма

Курма – жылуулукту сүйүүчү өсүмдүк. Ошондуктан, ал Евразиянын, Американын жана Австралиянын көп өлкөлөрүндө кеңири таралган. Кээ бир маалыматтарга ылайык, курманын бери дегенде эле 500дөн ашуун түрү бар деп айтылат. А биздин жерде болсо анын эки: ачыркантуучу кавказдык жана таттуу шоколад аттуу түрү кенен тараган. Бышып турган курма албетте, жумшак, ачык сары түстүү жана тунук болот. Тарыхта курманын мекени катары Кытайдын борбордук жана түндүк райондору айтылып жүрөт. Алар бул жемишти биздин заманга чейинки мезгилде эле өстүрүп жүрүшкөн болсо, курма Европага сегизинчи, ал эми биз тарапка он тогузунчу кылымда алынып келинген экен.

Курманын курамы

Курманын бир даана жемиши орточо 81,5% суудан, 0,5% белоктон, 15,9% углеводдон турат. Анын курамында булардан тышкары пайдалуу болуп эсептелген органикалык кислоталар, витаминдер, макро жана микроэлементтер бар. Тагыраак айтканда, аталган жемиш калий, магний, фосфор, темир, йод, алма жана лимон кислотасы, В тобунун витаминдери жана А, Р, С витаминдерине ээ. Азыктык баалуулугу боюнча алганда курманын 100 г жемишинде 62 килокалорий бар.

Пайдалуулугу

Курамы А витаминине бай болгон үчүн курма рак ооруларынын бардык түрүнө даба гана болот. Ошон үчүн аны ушул дарттан жабыркагандар көбүрөөк жегени жакшы. Буга кошумча А витамининин көрүүнү жакшыртып, терини жылмакай жана жагымдуу кылаары бышык. Ал эми андагы С жана Р витаминдери кан тамырларды бекемдеп, алардын морттугун жокко чыгарат, иммунитетти көтөрөт. Курманын маңызы ашказан-ичеги тутумундагы бактерияларды өлтүрүүгө эгедер. А йод болсо богок безинин оорусу – зоб менен күрөшөөрү жалпыга белгилүү. Ошол эле маалда бул жемиш жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алып, аз кандуулукка дары болот жана тиштердин бүйлөлөрүнүн канай берүүсүн токтотот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер